Бишкек шаарында ири суммадагы интернет-алдамчылык фактысы иликтенүүдө
2025-жылдын 12-ноябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына Н.В., аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Анда арыз ээсинин билдирүүсүнө ылайык, 2025-жылдын 5-ноябрында белгисиз адамдар «WhatsApp» мессенджери аркылуу батир сатып алуу шылтоосу менен ишенимге кирип, анын 49 миң 900 АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын алдап алышкан. Көрсөтүлгөн акча каражаттары жети банктык эсепке которулган.
Аталган факт боюнча райондук башкармалыктын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-прим бөлүгүнө (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу «Оптима Банк» төлөм терминалдары аркылуу жалпы суммасы 3 655 000 сом акча каражатын которгону аныкталган.
Банктык эсептердин ээлеринин өздүгүн жана турган жерин, ошондой эле акча каражаттарынын жүрүү багыттарын аныктоо максатында тергөө органдары зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө. Анын ичинде банктык которуулар боюнча маалыматтарды жана эсеп ээлеринин анкеталык маалыматтарын алуу чаралары көрүлүүдө.
Тергөө иш чараларынын алкагында акча каражаттарын алуучулардын бири – 2007-жылы туулган А.Б. аныкталган. Анын банктык картасына 200 000 сом өлчөмүндө акча каражаты түшкөн. Аталган жаран процессуалдык аракеттерди жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери кошумча маалыматтарды чогултууга, далилдер базасын калыптандырууга, ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар башка жагдайларды жана адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө жана техникалык иш-чараларды жүргүзүп жатышат.
