Порнографиялык мазмундагы сайттарга кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды
4 июнь

Порнографиялык мазмундагы сайттарга кирүүгө тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде порнографиялык мүнөздөгү контент элементтерди камтыган сайттарга кирүүгө тыюу салуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Демилгечи – депутаттар Марлен Маматалиев, Динара Ашимова, Жалолидин Нурбаев, Талант Мамытов, Карим Ханджеза, Алишер Козуев, Айбек Маткеримов, Камила Талиева, Талайбек Масабиров, Ырысбек Атажанов, Бактыяр Калпаев, Айбек Алтынбеков, Сүйүнбек Өмүрзаков, Советбек Рустамбек уулу, Бекмурза Эргешов, Аккулу Бердиев, Бактыбек Чойбеков, Эрнис Айдаралиев, Эльдар Абакиров, Бакыт Тентишев, Балбак Түлөбаев, Аида Исатбек кызы, Эрулан Кокулов, Лейла Лурова, Шарапаткан Мажитова, Мурадил Сыдыков, Жумабек Салымбеков, Азамат Исираилов.

Демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев белгилегендей, аталган мыйзам долбоорунда «порнографиялык мүнөздөгү элементтерди камтыган контент» түшүнүгүнүн аныктоо жана коомдун моралдык жана этикалык баалуулуктарын коргоо үчүн мындай мүнөздөгү контентти интернет мейкиндигинен таратууга тыюу салуу, аны интернет аркылуу тараткандарды жоопкерчиликке тартуу сунушталууда.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев депутат Жамиля Исаева тарбынан демилгеленген, балдардын ден соолугуна, алардын физикалык, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адеп-ахлактык өнүгүшүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча мыйзамдын аткарылышы тууралуу сурады.

Ал эми депутат Исхак Масалиев порнографиялык мазмундагы сайттарга кирүүгө тыюу салуу механизмдерин тактады.