Афган тектүү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы боюнча чет элдик жаран кармалды
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жана Кыргыз Республикасынын УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгы менен биргеликте, ири өлчөмдө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактысын аныктады.
Ош облусунун Кара-Суу районунда өткөрүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында, белгисиз жаран эгин талаага катып кеткен 2 килограммга жакын гашишти алып кетүүгө аракет кылган учурда кармалган. Ал чет элдик 1986-жылы туулган Т.Н.Т. экендиги такталды. Бул факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен катталып кылмыш иши козголуп, тиешелүү ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлдү.
Текшерүү учурунда күмүш түстөгү Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаадан жалпы салмагы 2 кг 25 гр гашиш жана 530 миң сом акча каражаты табылып алынган. Жүргүзүлгөн тинтүү маалында анын убактылуу жашаган үйүнөн кошумча 3 гр 86 мл гашиш табылган.
Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган заттар гашиш экени далилденип, алардын жалпы салмагы 2 кг 28 гр түздү.
Учурда бул кылмыш ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары улантылууда.
