Кыргызстандан укук коргоочу Максим Кулешов депортацияланды
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 сентябрь

Кыргызстандан укук коргоочу Максим Кулешов депортацияланды

Укук коргоочу Максим Кулешов Кыргызстандан депортацияланды. Бул тууралуу укук коргоочу Толекан Исмаилова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Эртең менен Норвегиядан башпаанек алган укук коргоочу Максим Кулешов эч кандай түшүндүрмөсүз Кыргызстандан депортацияланды», – деп жазган ал.

Окуянын башка жагдайлары, анын ичинде депортациянын себептери жана мындай чечимдин кабыл алынышына байланыштуу маалыматтар жарыяланган эмес.

Максим Кулешов «Мир – свет культуры» коомдук бирикмесинин жана Токмоктогу Адам укуктары боюнча ресурстук борбордун лидери катары белгилүү.

Буга чейин ал Бишкек жана Токмок шаарларында бир катар нааразылык акцияларын уюштуруп келген. Атап айтканда, 2008-жылы Кулешов Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында «Демократиянын көчөдөгү сабактары» акциясын өткөрүүгө аракет кылып жатканда кармалган.

«Дубал, буурчак жана 23 миллион» деп аталган акция 2005-жылдын март айындагы окуялар учурунда Улуттук банктын филиалын тоноого арналган. Кулешов ИИМдин имаратынын алдына плакаттарды илип, акцияда буурчакты символдук элемент катары колдонууну пландаган.