Темирлан Султанбеков Садыр Жапаровдон өзүнө карата ачык сот өткөрүүнү өтүндү
Сүрөт ачык булактардан алынды
10 сентябрь

Темирлан Султанбеков Садыр Жапаровдон өзүнө карата ачык сот өткөрүүнү өтүндү

Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурган Темирлан Султанбеков Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жасады.

Саясатчынын негизги өтүнүчү — өзүнө карата козголгон кылмыш иши боюнча ачык соттук процесс өткөрүү.

«Бизге карата ачык сот өткөрүүнү гана суранам. Эгерде сиз тергөөнүн, милициянын, прокурорлордун жана соттордун адилеттүүлүгүнө жана кесипкөйлүгүнө ишенсеңиз, анда ачык соттон эмнеге коркуу керек? Мага 20 жылбы же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын бересизби, буга кайдыгермин, бирок ачык сот өткөрүңүз», — деп жазган Султанбеков.

Кайрылуусунда ал Жапаровдун президенттик мөөнөтүндө, өзүнүн айтымында, бир жыл 10 ай үй камагында, жети ай пробациялык көзөмөлдө жана бир жылдан ашык убакыт тергөө абагында өткөргөнүн билдирди.

Султанбеков анын командасынын өкүлдөрү — орун басарлары, аппарат кызматкерлери, кеңешчилери, катчылары, айдоочусу жана жардамчысы да кылмыш куугунтугуна кабылганын белгиледи.

Ошондой эле ал үй-бүлө мүчөлөрүнө басым жасалганын айтып, өзүнүн айтымында, туугандары мамлекеттик кызматтан кеткенин, ал эми 12 жаштагы инисинин телефонун жана планшетин милиция кызматкерлери алып койгонун билдирди.

Султанбеков президенттен ырайым кылууну же жазасын жеңилдетүүнү суранбай турганын айтып, соттун ачык өтүшүн принципиалдуу маселе катары эсептей турганын белгиледи.

«Мен ар дайым жашоо үчүн, атүгүл эркиндик үчүн да ар-намысты курмандыкка чалууга болбой турганын айтып келгем», — деп жазган ал.

Султанбеков өзүнүн кылмыш ишин Франц Кафканын «Процесс» романынын сюжетине салыштырып, өзүнүн туура экенине ишенерин билдирди.

Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев жана Эрмек Эрматов кылмыш иши боюнча айыпталуучулар катары өтүүдө. Алар 2025-жылдын күзүндө кармалып, ошондон бери камакта кармалып келишет.