Баткен: Жаңы-Жер айылынын окуучулары жаңы мектепке барышат
10 сентябрь

Баткен: Жаңы-Жер айылынын окуучулары жаңы мектепке барышат

Баткен районунун Жаңы-Жер айылында 500 орундуу жаңы мектеп курулду. Долбоор Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылып, каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү. Объекттин жалпы наркы 164 миллион сомду түздү.

Мектептин курулушу 2023-жылдын сентябрь айында башталган. Учурда жаңы окуу жылына карата мектептин имараты ачылууга даяр.

Долбоорго ылайык, мектеп эки кабаттуу болуп, жалпы аянты 3 220 чарчы метрди түзөт. Имаратта негизги окуу класстарынан тышкары лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, жыйындар залы жана спорт зал каралган.

Курулуш иштеринин жүрүшү Курулуш министрлигинин алдындагы тиешелүү департаменттер тарабынан текшерилип, аткарылган иштердин ар бир этабы көзөмөлгө алынган.