Саламаттык сактоо министри жана Роскызматташтыктын жетекчиси гуманитардык жана билим берүү кызматташтыгын кеңейтүү маселесин талкуулашты
13 август

Саламаттык сактоо министри жана Роскызматташтыктын жетекчиси гуманитардык жана билим берүү кызматташтыгын кеңейтүү маселесин талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде министр Эркин Чечейбаев Россия Федерациясынын КМШ боюнча иштер, чет өлкөдө жашаган мекендештер жана эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттигинин (Роскызматташтык) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев менен жолукту.

Жолугушууда гуманитардык жана билим берүү кызматташтыгынын темасы талкууланды. Россия Федерациясынын Өкмөтү жыл сайын Кыргызстандын жарандарына федералдык бюджеттин эсебинен Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларында акысыз билим алуу үчүн квоталарды бөлүп берет. Бул чара жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоого кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын кадрдык потенциалын бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Быйыл 70 студент ар кыл багыттар боюнча Россиянын алдыңкы медициналык мекемелеринде ординатура жана аспирантурада окуй алышат.

Ошондой эле тараптар 2025-жылы өтө турган «Добро» миссияларын талкуулашты. Биринчиси 17-августта башталат жана анын алкагында «РЖД-Медицина» адистери Кыргызстанга келип, консультациялар, хирургиялык операциялар, тегерек үстөлдөр жана окутуу модулдарын өткөрүшөт. Экинчи миссия октябрга пландалууда. Анда Россиядан келген мультидисциплинардык дарыгерлер тобу өлкөдөгү медициналык ЖОЖдордун жана колледждердин окутуучуларынын потенциалын жогорулатуу боюнча иш алып барат. Өзгөчө көңүл аутизм спектриндеги бузулуулар, ДЦП жана Даун синдрому бар балдарды диагностикалоо жана коштоо, ошондой эле ата-энелер менен эффективдүү өз ара аракеттенүү маселелерине бурулат.

Саламаттык сактоо министри мындай кызматташтыктын стратегиялык маанисин баса белгиледи:

«Бүгүн биз гуманитардык жана билим берүү кызматташтыгын кеңейтүү багытында маанилүү кадам жасадык. Роскызматташтыктын "Миссия Добро" сыяктуу программалары медициналык жардамдын сапатын жакшыртууга гана эмес, адистердин жаңы муунун даярдоого да жардам берет. Биз бул өнөктөштүктү өнүктүрүп, узак мөөнөттүү кадрдык чечимдерге басым жасайбыз», – деди Эркин Чечейбаев.

Өз кезегинде Роскызматташтыктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси биргелешкен демилгелердин практикалык маанисине токтолду:

«Россия менен Кыргызстандын медицина тармагындагы күч-аракеттерин бириктирүүдө чоң потенциал көрүп турабыз. Балдар менен иштөө, алардын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу жана билим берүү программаларын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлор адамдык капиталды бекемдөөгө жана адамдардын жашоо сапатын жогорулатууга өбөлгө болот», – деп белгиледи Альберт Зульхарнеев.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты институционалдаштыруу, билим берүү боюнча туруктуу алмашуулары, квалификацияны жогорулатуу программалары жана эң талап кылынган медициналык багыттар боюнча адистерди максаттуу даярдоо боюнча даяр экенин тастыкташты.