Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды
24 май

Кыргызстан менен Өзбекстандын парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, эки боордош өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду мындан ары тереңдетүү жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосундагы эки тараптуу форматта да, көп тараптуу платформалардын, анын ичинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламентарийлеринин форматынын алкагында да жигердүү жана конструктивдүү иш канааттануу менен белгиленди.

Ошондой эле парламенттик деңгээлде боло турган биргелешкен тышкы саясий иш-чаралардын графиги талкууланды. Тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү, бул Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жана ишенимдин жогорку деңгээлин дагы бир жолу ырастады.