Он күндө миңден ашуун адам кан донору болду
Кыргызстанда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев демилгелеген кан жана анын компоненттерин чогултуу боюнча ири акция уланууда. Максат — улуттук кан банкын толуктоо жана донорлордун жардамына муктаж бейтаптар үчүн зарыл корду камсыз кылуу.
4-августтан бери 1014 адам донор болду. Бул убакыт аралыгында болжол менен 261 литр эритроцитардык масса жана 311 литр плазма даярдалды. Ар бир кан тамчысы оор кырсыктан кийин, татаал операция маалында же коркунучтуу илдет менен күрөшүп жаткан адам үчүн жашап кетүүгө болгон үмүт болушу мүмкүн. Донорлордун арасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, медициналык кызматкерлер, ММКФ, ички иштер органдары, областтык администрациялардын кызматкерлери, ошондой эле жүздөгөн кайдыгер карабаган жарандар бар. Айрыкча дарыгерлерге жана медайымдарга өзгөчө ыраазычылык билдиребиз — алар күн сайын өз ооруканаларында өлүмдөн сактап гана тим болбостон, өздөрү да келип кан тапшырышты.
Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, саламаттык сактоо муктаждыктарын туруктуу камсыз кылуу үчүн ар бир миң тургунга кеминде 40 донор туура келиши керек. Кыргызстанда бул көрсөткүч миң адамга 6 донор чамасында, бул эл аралык ченемден алты эседен ашык төмөн. Калкы болжол менен 7 миллион болгон өлкөгө жылына жок дегенде 280 миң донор талап кылынат.
«Донор болуу – бул өмүр тартуулоо мүмкүнчүлүгү. Кээде бир эле литр кан бейтаптын тагдырын чечет», – деп белгилешет Республикалык кан борборунун дарыгерлери.
Саламаттык сактоо министрлиги акцияга катышкан бардык жарандарга ыраазычылык билдирет жана донордук кыймылга кошулууга чакырат:
Кан тапшыруу менен сиз бир гана жардам берүү менен чектелбестен – кимдир бирөөнүн өмүр сактап каласыз.
Жакынкы кан тапшыруу пунктуна келиңиз жана бул кыймылдын бир бөлүгү болуңуз.
