Төрага: Шаардагы скутерлер менен мопеддердин кыймылын тез арада иретке келтирүү керек
Жогорку Кеңештин 4-июндагы жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу ички иштер министрин жана калаа башчысын башаламан колдонулуп жаткан скутерлер менен мопеддерди көзөмөлгө алууга чакырды.
Тагыраагы, төрага шаар тургундарынан, айрыкча айдоочулардан скутерлер менен мопеддерге байланышкан кайрылуулар көп түшүп жатканын айтты.
«Аталган техникалар жолдордо авариялык абал жаратып, башка унааларга тоскоолдук жараткан учурлар көбөйдү. Катуу айдалгандыктан, түнкүсүн да шаардыктардын тынчтыгын бузушууда. Ал тургай адам өлүмүнө алып келген окуялар да катталып жатат. Себеби, скутерлер менен мопеддердин колдонуучуларынын көпчүлүгү жаш балдар экен. Аларга айдоочулук күбөлүк да берилбейт, жолдогу кыймыл-аракеттери көзөмөл камераларына да тартылбайт. Башка мамлекеттерде мындай техникаларга катуу талаптар коюлган. Андыктан бизде дагы скутерлер менен мопеддердин кыймылы тез арада иретке келтирилиши керек», – деди.
