Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду
Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Курванбү Раимова Ош шаарынын мэриясынын документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Ал эми Дастанбек Мурзалиев Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койгон.
