Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди
Министрлер кабинети
6 август

Казакстандын премьер-министри Кыргызстанга келди

Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

“Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновду министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков тосуп алды.

Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-7-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин премьер-министрлеринин жана байкоочу мамлекеттердин делегация башчыларынын катышуусунда өтөт.