“Эмгекти коргоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Эмгекти коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2026-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
“Эмгекти коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жаңы редакцияда кабыл алынып, эмгек ишинин процессинде жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоого болгон конституциялык укуктарын ишке ашыруунун жана эмгекти коргоо маселелери боюнча кызматкерлер менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы өз ара мамилелердин бирдиктүү тартибин камсыз кылуунун укуктук негиздерин белгилейт жана эмгек ишинин процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун тиешелүү талаптарына жооп берген жумуш орундарында коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.
Мыйзамда өз кезегинде жаңы редакциядагы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинен алып салынган (Кодекс 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен колдонууга киргизилген) жана мурда 2004-жылдагы Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган эмгекти коргоонун ченемдери камтылган.
Жалпысынан, Мыйзам эмгекти коргоо ченемдерин жана стандарттарын сактоону натыйжалуу көзөмөлдөөнүн укуктук негизин түзүп жана эмгек шарттарынын абалына иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт.
