Бишкекте «Asia Mall» соода борборунун унаа токтотуучу жайында чыр чыгарган эки айдоочу кармалды
2026-жылдын 9-сентябрында «Instagram» социалдык тармагында «Asia Mall» соода борборунун унаа токтотуучу жайында «Hyundai» жана «Changan» үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларынын ортосунда болгон чыр-чатак тартылган видео жарыяланган.
Бул факт Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын МЭЖге катталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган К.Ж. жана 1996-жылы туулган М.А. аттуу жарандардын өздүгү аныкталып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген.
Аталган жарандардын экөөнө тең Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренесине ылайык (Майда бейбаштык) протокол түзүлүп, Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн сотко жөнөтүлөт.
Милиция жол кыймылынын бардык катышуучуларын бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылууга, жолдо өзүн маданияттуу алып жүрүүгө жана чыр-чатактуу кырдаалдарга жол бербөөгө чакырат. Ар кандай пикир келишпестиктерди мыйзам чегинде жана тынчтык жолу менен чечүү зарыл.
Милиция коомдук тартипти бузган жана мыйзамга каршы аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келерин эскертет.
