Курманбек Бакиевди алып келүүгө мен кызыкдар эмесмин — Садыр Жапаров 
4 июнь

Курманбек Бакиевди алып келүүгө мен кызыкдар эмесмин — Садыр Жапаров 

Курманбек Бакиевди алып келүүгө чынымды айтсам, мен кызыкдар эмесмин. Тескерисинче, өздөрү кызыкдар болуш керек эле. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров мамлекеттик "Кабар" агенттигине билдирген маегинде билдирди. 

Ал 2010-жылдан бери “Бакиевди алып келели десек, Беларусь тарап бербей жатат” деп элди алдап келишкендигин айтты. 

"Ушул калптары элге ачыкталып калды. Биз сурасак, “макул берели, бирок ачык сот кылгыла” дешти. Ага да өздөрү каршы чыгып жатышпайбы. Соттун ачык болуусуна эч кимиси кызыкдар эмес. Эски жараны чукубай эле койбойсуңарбы деп атышат.

Ошондуктан, Бакиевди алып келүү үчүн соодалашат деген сөз - жаш баланын сөзү. Аллах күбө, Бакиевди алып келем деп бирөөлөр менен соодалашкыдай мен Бакиевге милдеттүү же карыз эмесмин.

Мага эң негизгиси өлкөбүздө стабилдүүлүк болуп турса болду. Чындап эле эски жараны чукубай эле коелучу деп ойлодум. Ачык сот болгондо деле күнөөлүүлөрдү соттош кыйын болот. Анткени окуя 10 жылдан ашып, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кетти", - деген ал.