Кыргызстанда чет өлкөлүк номер менен жүргөн 30 миңден ашуун унаа мыйзамдаштырылды
Кыргызстанда өткөн легалдаштыруу өнөктүгүндө чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар 30 миң 86 унаа мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу «Биринчи радионун» түз эфиринде Транспорт каражаттарын каттоо боюнча мамлекеттик борбордун башкы адиси Таалайбек Суваналиев билдирди.
Анын айтымында, унааларды легалдаштыруу өнөктүгү 2025-жылдын 1-апрелинен 1-октябрына чейин жүргүзүлгөн.
Баштапкы эсептөөлөр боюнча бул мүмкүнчүлүктөн 15 миңден 20 миңге чейин унаа ээси пайдаланат деп күтүлгөн. Бирок жыйынтыгында мыйзамдаштырылган унаалардын саны күтүлгөндөн кыйла көп болуп, 30 миң 86га жеткен.
Суваналиев белгилегендей, бул өнөктүк 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга алып келинген унааларды мыйзамдуу пайдалануу үчүн укуктук негиз түзүү максатында уюштурулган.
Мындан тышкары, легалдаштыруу өлкө аймагында чет өлкөлүк мамлекеттик номерлер менен каттоосуз узак убакыттан бери пайдаланылып келген транспорт каражаттарынын санын азайтууга мүмкүнчүлүк берди.
