Ошто Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгү 3 күнгө убактылуу жабылат
4 июнь

Ошто Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгү 3 күнгө убактылуу жабылат

Ош шаарындагы А.Өскөналиев көчөсүнөн Б.Осмонов көчөсүнө чейинки жолго жаңыдан асфальт төшөө иштерине байланыштуу, Р.Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгү бүгүн, 4-июнь саат 10:00дөн тарта үч күнгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

"Урматтуу шаар тургундары жана коноктору! Жол кыймылындагы убактылуу өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жол жабылган учурда альтернативдүү багыттарды колдонууңуздарды өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.