Ноокен районунда III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
14 июль

Ноокен районунда III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

2026-жылдын 13-июлунда Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында нөшөрлүү жамгырдан  улам сел жүргөн. 

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, Э.Алиев айыл аймагында жана Момбеков айыл аймагынын Бостон, Курулуш, Көп-Там айылдарында кокту-колоттордон келген сел суулары бир катар турак жайлардын короолорун, мал сарайларын жана соода жайларын каптап, материалдык чыгымдарды алып келди.

Кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюу, авариялык-куткаруу жана калыбына келтирүү иштерин натыйжалуу уюштуруу максатында Ноокен районунун аймагына III даражадагы «өзгөчө кырдаал» режими киргизилди.

Учурда кырсык болгон аймактарда Жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Селдин кесепеттерин жоюу боюнча бардык тиешелүү күч жана каражаттар тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.

жеринде Облустук Жарандык коргонуу башчысы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев кырдаалга жеринде баа берип, ыкчам чараларды көрүү жана кесепеттерди жоюу боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алууда.

КР ӨКМ жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого, аба ырайы тууралуу расмий маалыматтарга көңүл бурууга жана өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 кызматына токтоосуз билдирүүгө чакырат.