Чолпон-Атага 13 өлкөнүн суучулдары келишти
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Эл аралык Жарандык коргонуу уюмуна мүчө-өлкөлөрүнөн келген 13 суучулдун башын бириктирген кезектеги XIII Эл аралык тренингдин ачылышы болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Тренингдин расмий ачылышында өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов дүйнөнүн ар бурчунан келген суучулдар менен жакындан таанышып, алдыда өтүүчү теориялык жана практикалык машыгууларга ийгиликтерди каалады.
12 күндүк окутуунун максаты — суучулдардын кесиптик билимдерин арттыруу, жаңы багытта тажрыйба алмашуу жана ЭЖКУга мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрүнүн ортосундагы “Суучулдар иши” жаатында туруктуу байланышты бекемдөө болуп саналат.
Тренингдин соңунда чет мамлекеттен келген суучулдарга сертификат жана ЭЖКУнун XXII Башкы Ассамблеясынын чечими менен бекитилген «Жеке суучулдун китеби» берилет.
