Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы Адвокаттарды окутуу борборуна техникалык жабдууларды өткөрүп берди
2025-жылдын 12-августунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы менен Адвокаттарды окутуу борборунун ортосунда техниканы кабыл алуу-өтөрүп берүү актысы түзүлүп, кол коюлду.
Актка ылайык, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы өз балансынан Адвокаттарды окутуу борборунун балансына төмөнкү заманбап техникалык жабдууларды өткөрүп берди:
▪️1. Conference Logitech Group видеоконференц байланыш системасы – 1 даана, баланстык баасы 86 000 сом;
▪️2. Smart TV UE55AU7500UXCE (Ethernet RJ-45, кронштейн менен) – 1 даана, баланстык баасы 23 539,84 сом;
▪️3. Dell Vostro 3400 i5 1135G7/8 Gb ноутбугу – 1 даана, баланстык баасы 29 870 сом;
▪️4. Iiyama B2791QSU-B1, 27″ LED монитору – 1 даана, баланстык баасы 7 803,52 сом;
▪️5. Iiyama B2791QSU-B1, 27″ LED монитору – 1 даана, баланстык баасы 8 000 сом.
Өткөрүлүп берилген жабдуулардын жалпы баланстык баасы 155 213,36 сомду түздү.
Актка Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешинин төрайымы Бегилерова Мейил Адилбековна менен Адвокаттарды окутуу борборунун директору Болтобаева Венера Мурзаевна кол коюшту.
Техниканы өткөрүп берүү – бул Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын Адвокаттарды окутуу борборунун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү боюнча системалуу ишинин бир бөлүгү болуп, адвокаттардын кесиптик даярдыгын жогорулатууга, окутуу процессин заманбап техникалык каражаттар менен камсыздоого жана укуктук билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган.
