Энергетика министри Т.Ибраев менен Алексей Миллер жолугушуусу болуп өттү
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев 7-10-октябрь аралыгында өткөрүлүүчү Санкт-Петербургтагы XIV эл аралык газ форумуна катышты.
Санкт-Петербургдагы форумдун алкагында жаратылыш газынын дүйнөлүк рыногунун өнүгүү тенденциялары, ошондой эле өзгөрүп жаткан экономикалык жана геосаясий контекстте эл аралык кызматташуунун келечеги талкууланууда.
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө энергетика министри Таалайбек Ибраев менен «Газпром» ЖАКтын башкаруу комитетинин төрагасы Алексей Миллердин кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Анда тараптар газ тармагындагы азыркы жана келечектеги кызматташууну талкуулашты. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасына россиялык газдын жеткирилиши жана «Газпром Кыргызстан» ишканасынын Кыргызстандын газ ташуу жана бөлүштүрүү системаларын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча аракеттери талкууланды. Ошондой эле газды камсыз кылуу боюнча инвестицияны көбөйтүү, күйүүчү жана майлоочу материалдар боюнча маселе көтөрүлдү.
Министр Т.Ибраев мындан ары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын газдаштыруу боюнча чараларга жылдык каржылоо суммасын кеминде 1,5 миллиард сомго көтөрүүнү, жаратылыш газнын баасын сактап калуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну, ошондой эле, республикадагы жаратылыш газын үзгүлтүксүз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүү жана республиканы жаратылыш газы менен камсыз кылууну күчөтүү боюнча макулдашты. Аны менен катар Кыргызстанды кыш мезгилинде газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлдү.
Маалымат катары: «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы, «Газпром» ЖАКтын 100 пайыздык туунду компаниясы, Кыргыз Республикасына жаратылыш газын эксклюзивдүү импорттоочу жана республиканын газды өткөрүү жана бөлүштүрүү тутумдарынын ээси.
