«Асман Эйрлайнс» Бишкек-Нарын каттамын ачты
Мамлекеттик «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы Бишкек – Нарын багыты боюнча алгачкы жүргүнчү каттамын аткарды. Учуу болжол менен 40 мүнөттөй созулду, азырынча каттам жумасына бир жолу жүргүзүлөт.
2 133 метр деңиз деңгээлинен бийиктикте жайгашкан «Нарын» аэропорту заманбап учактар менен тик учактарды кабыл алууга ылайыкташтырылып, реконструкцияланды жана жабдылды.
