Кыргызстанда өткөн суткада 11 өрт кырсыгы катталды
16 январь

Кыргызстанда өткөн суткада 11 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында өткөн суткада 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, анын ичинде: 

  • Бишкек шаарында – 4;
  • Чүй облусунда – 4;
  • Жалал-Абад облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 1.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Ошондой эле куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болду.