Ысык-Көл: Кырчын жайлоосуна алып баруучу жолдордо курулуш иштери уланууда
Ысык-Көл облусундагы туристтик жана маданий мааниге ээ Кырчын жайлоосуна, ошондой эле анын айланасындагы кооз өрөөндөргө алып баруучу унаа жолдордо жол курулуш иштери активдүү жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланган долбоордун алкагында Семёновка–Ак-Суу унаа жолунун 21 чакырым, ошондой эле Григорьевка–Көл–Кашка-Суу унаа жолунун 14 чакырым тилкесин асфальттоо каралган. Жалпысы болуп 34 чакырым жол асфальтталмакчы.
Аталган долбоор Кырчын жайлоосуна жетүү шарттарын жакшыртып, туристтик инфраструктуранын өнүгүшүнө, ошондой эле жергиликтүү калк үчүн коопсуз жана ыңгайлуу жол кыймылын камсыздоого багытталган.
Семёновка–Ак-Суу тилкесинде 6 чакырым асфальт катмары төшөлдү. Ал эми Григорьевка–Көл–Кашка-Суу багытында жолдун негизи даярдалып, бейс материалы төшөлдү. Учурда жолду кеңейтүү, тоо тектерин жардыруу (взрывные) иштери, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана көпүрөлөрдү оңдоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, жолдун кышкы тейлөө иштери күчөтүлгөн тартипте күнү-түнү тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Жол курулуш иштери «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасы тарабынан China Road and Bridge Corporation компаниясы менен келишимдин негизинде аткарылууда. Бардык жумуштар бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жатат.
