Ошто жол эрежелерин көзөмөлдөгөн борбор ишке берилди
29 декабрь

Ошто жол эрежелерин көзөмөлдөгөн борбор ишке берилди

Бүгүн Ош шаарында Милициянын кайгуул кызматынын жол эрежелерин бузууларды көзөмөлдөгөн атайын борбору расмий түрдө ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев, Ош шаардык ИИБнин жетекчиси Дамирбек Исаков жана башка жетекчилер катышты.

Аталган долбоордун алкагында Ош шаарынын көчөлөрүнө жол эрежелерин жана укук бузууларды аныктоочу кошумча 70 даана заманбап видеокөзөмөл камерасы орнотулду. Мунун натыйжасында учурда шаар ичинде жалпы 125 камера туруктуу иштеп баштады.

Жаңы борбор жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, жол эрежесин бузган учурларды автоматтык түрдө аныктоого жана жалпы коомдук тартипти көзөмөлдөөгө багытталган. Бул Ош шаарындагы санариптештирүү жана коопсуздукту камсыздоо багытындагы маанилүү кадамдардын бири.