Климаттын өзгөрүшүнүн шартында бизнес "саман төшөөсү" керек
28 август

Климаттын өзгөрүшүнүн шартында бизнес "саман төшөөсү" керек

ПРООНдун эксперти Олег Печенюктун айтымында, “климаттын өзгөрүүсү – бизнес” монетасынын эки жагы бар: бир жагынан ар кандай бизнес климатка таасирин тийгизсе, экинчи жагынан климат жана анын өзгөрүшү бизнеске таасирин тийгизет. Бүткүл өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуулугу бул мамилелерди түшүнүүдөн жана бизнестин күн тартибине климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча чараларды киргизүүдөн көз каранды.

- Климаттын өзгөрүшү журүүдө, бизнес үчүн кайсы бир тобокелдиктер бар болгондуктан “саман төшөө” зарыл. Мисалы, биз сууну жетиштүү, баасы арзан болгон мезгилде өтө көп жылдар жашадык. А азыр суу ресурстары азайып баштаганын түшүнүп калдык, ошондуктан фермерлер жана бизнес кургакчылыкка чыдамдуу сортторду өстүрүп, суу пайдалануунун жана суу үнөмдөөнүн башка механимдерин киргизиши керек. 

- Биздин бизнес климаттын өзгөрүшүн жана климаттык тобокелдиктерди эске алып жатабы? 

- Кыйынчылыктын баары климаттын өзгөрүшү убакыттын өтүшү менен жайылаарында, а чакан жана орто бизнестин пландары ушул жерде жана азыр ишке ашырылышы керектигинде жатат. 

Мен өзгөчө чакан жана орто бизнес жөнүндө айтып жатам, анткени бизде репутация маанилүү болгон ири бизнес дээрлик жок. Анткени компания жоопкерчиликтүү жана жаратылышка аяр мамиле жасаса, ал кардарлардын ишенимин, колдоосун жаратат эмеспи. Бул өз кезегинде кирешеге таасирин тийгизет.  

Бир убакта Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө таасир этүүчү заттардын айлана-чөйрөгө чыгарылышын азайтуу боюнча эл аралык милдеттенмелерди алган. Милдеттенме алгандан кийин климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча иш аракеттерди жасашыбыз керек. Кыргызстандын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча иш чараларды орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу жана ишке ашыруу үчүн Улуттук адаптация планын иштеп чыгуусу жана төрт артыкчылыктуу сектордун потенциалын баалоосу маанилүү кадам болду.

 - Пландарды түзүүгө ишкерлер катышабы?

- Негизинен чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү пландаштырууга анча активдүү катыша беришпейт. Мисалы, 2023-жылдын 11-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын аймагында полимердик пленкадан жана пластикалык буюмдардан жасалган баштыктарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” Мыйзамга кол койгон. Бирок мыйзамда тыюу салынган буюмдардын нормалдуу тизмеси жок, анткени пластик абдан жалпы түшүнүк, бул - түтүктөр, медициналык буюмдар. Кыргызстанда ичүүчү сууну бөтөлкөлөргө куюп сатып алууга аргасыз болгон аймактар бар. Алар эмне кылышы керек? Бизнес убагында мыйзам долбоорун иштеп чыгууга катышпай, азыр ага өзгөртүү киргизүүнү суранууда.

Мындан тышкары, бизнес бөлүнүп чыкчу заттарды азайтуу боюнча мамлекет катуу талаптарды коерун түшүнөт. Алар: текшерүүлөр, айып пулдар, төлөмдөр жана жаңы тазалоочу жайларды куруу. Башкача айтканда, болжолдуу тобокелдиктер жана ишканалар андан өздөрүн коргошу керек.  

Ушундан улам активдүүлүк жакшы болбой жатат, бейөкмөт уюмдардан айырмаланып бизнес көмүскөдө калууга аракеттенет. Болбосо бизнес-ассоциациялар азыр экологиялык күн тартибине катышууга умтулуп жатышат. Мисалы, Банктар союзу климаттын өзгөрүшү - климаттык каржылоону тартуу үчүн уя болуп саналат деп аныктады. Ал эми буга чейин эле жок дегенде төрт банк климаттык каржылоону тартуу үчүн Министрлер Кабинети аркылуу Жашыл климат фондуна кайрылып, “жашыл” облигациялардын күн тартиби менен иштеп жатышат. Буга чейин бизнеске “жашыл” технологияларды колдонуу менен насыя берүү аракеттери да болгон.

Экинчи жагынан, мамлекеттик органдар да климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жаатына бизнести тартууга ашыккан эмес, алар бул боюнча бизнес тең укуктуу өнөктөш боло аларын кеч түшүнүштү.  

Бизнестин негизги максаты киреше табуу болгондуктан адаптациянын алкагында анын кызыкчылыгы - төлөмдөрдү, жыйымдарды, айыптарды кыскартуу, текшерүүлөрдү кыскартуу, уруксат берүү системасын жөнөкөйлөштүрүү экенин так түшүнүшүбүз керек. Башкача айтканда, климатка канчалык аз таасир этсеңиз, мамлекеттин сизге болгон кысымы ошончолук азаят. Ошондой эле юридикалык бизнести стимулдаштыруу принциптерин киргизүү зарыл.

 Жашыл брендинг үчүн ири бизнес керек. Анда, биринчи кезекте, жаңы рынокторго, жаңы товарларга жана кызматтарга жетүү, бизнестин өзүнүн имиджи абдан маанилүү. Жашыл чакан жана орто бизнес мамлекеттин жардамына муктаж.

Мисалы, органикалык айыл чарба аракетин алсак,  органикалык жана органикалык эмес азыктар рынокто бирдей баада сатылат. Биздин рынок өзүн азык-түлүк менен камсыз кылбайт, а органикалык азыктар менен тышкы рынокко чыгуу татаал. Ошондо мамлекеттен жардам керек. Болбосо, органикалык айыл чарбасы рынокто, бир эле баа сегментинде органикалык эмес айыл чарбасы менен атаандашууга аргасыз болот. Мындан тышкары, сууну натыйжалуу сактоо үчүн эч кандай стимулдар жок. Демек, бүгүнкү күндө бизнесте мамлекет климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу чараларын кантип жөнгө салат деген олуттуу суроолор жаралат.

Биз мындан ары энергияны үнөмдөө режимдерине туш боло турганыбызды билишибиз керек. Андан улам климаттын өзгөрүшүндө бизнес үчүн боло турчу тобокелдиктерди эсептөө зарылчылыгы келип чыгат. Бизнес климат өзгөрүп жатканын жана өзгөрүүлөрдүн кесепеттери продукциянын же кызматтардын баасына таасир этиши мүмкүн экенин түшүнө башташы керек.

Стратегияларды, саясаттарды жана программаларды иштеп чыгууда практикалык бөлүктөн баштап, жеке оңдоолорду киргизүү маанилүү. Булганууну азайтуу үчүн биз электромобилдерди, самокаттарды жана электр велосипеддерин сунуштайбыз. А  бул бизде кайра иштетүүсү жок аккумуляторлорду көбөйтөт.  Демек, кайтарып берүү тууралуу сүйлөй турган учур келди, болбосо химиялык коопсуздукка коркунуч жаралат.  

Ошондуктан мен чечимдердин кесепеттерин эске албаган ар кандай тармактык программаларга жана пландарга каршымын.Биз бир тармактын өнүгүшү башка тармактын өнүгүшүнө кандай таасир этээрин түшүнүшүбүз керек.  Анын үстүнө кээде ураандан реалдуу маселелерди чечүүгө өткөндө оңдоолор керек болуп калат. Кабыл алынган чечим бүтүндөй өнүгүүгө, салыктык кирешелерге кандай таасир этет, чакан жана орто бизнестин өнүгүшүнө кандай зыян келтирет жана аларга болгон тобокелдиктерди жеңүүгө жардам бере алабы – мунун баары эске алынышы кажет.

Бүгүнкү күндө өлкөдө Улуттук адаптация планы иштелип чыгууда. Азыр  бүт дүйнө климаттын өзгөрүүсү кайтарылгыс процесс экенин түшүндү.

Биз аны токтото албайбыз, бирок ыңгайлашсак болот. Ал эми бизнес адаптация саясатынын ажырагыс бөлүгү болушу керек.