Айнагүл Сыргабаева, кол өнөрчү: «Шырдак – кыздардын кыялы, энелердин аманаты»
5 октябрь

Айнагүл Сыргабаева, кол өнөрчү: «Шырдак – кыздардын кыялы, энелердин аманаты»

Кыргыз эли көчмөн турмушта жашап, боз үйдүн ичин кооздоп гана тим болбостон, ар бир буюмга өзүнүн дүйнө таанымын, тарыхын жана руханий байлыгын камтып келген. Ошол асыл мурастын бири – шырдак өнөрү. Шырдак  бул жөн гана кийизден жасалган буюм эмес, ал энелердин мээрими, кыздардын кыялы, улуттун жүзү. Биз маектешкен кол өнөрчү Сыргабаева Айнагүл айым дал ошол өнөрдү жүрөгү менен сактап келе жаткан адамдардын бири. 

– Айнагүл эже, «кол өнөрчү буюмду колу менен эмес, жан дүйнөсү менен жасайт» дешет. Бул сөздүн чындыгы канчалык?

– Бул сөздүн ичинде чоң маани жатат. Себеби кол жөн гана кыймылдайт, ал эми өнөрдү жараткан  адамдын жүрөгү. Эгер адамдын ичинде сүйүү болбосо, анын жасаган эмгеги да жансыз болуп калат. Мен шырдак жасап олтурганда кээде ойго чөмүлүп кетем. Ар бир оймого жашоомдун бир бөлүгү түшүп жаткандай сезилет. Кээ бир адамдар шырдакты жөн эле буюм катары көрүшү мүмкүн. Бирок мен үчүн  шырдакта кубаныч да, кусалык да, үмүт да жашайт.

– Ар бир эмгегиңизге жүрөгүңүздүн бир бөлүгү кошулуп кеткендей сезилеби?

– Ооба… Кээде бүткөн шырдакты колума алып көпкө чейин карап олтурам. Себеби ага убактым гана эмес, сезимим кеткен болот. Бир шырдакты бүтүрүү үчүн канча түн уйкусуз өтөт, канча ойлор келет. Ошондуктан ар бир эмгек мага өз баламдай жакын сезилет.Азыр адамдар баарын акча менен өлчөп калды. Бирок кол эмгегинин ичинде адамдын өмүрү, сабыры, мээрими жатканын баары эле түшүнө бербейт.

– Кол өнөрчүлүк сиз үчүн киреше булагыбы же жан дүйнөнүн азыгыбы?

– Мен үчүн биринчи кезекте жан дүйнөнүн азыгы. Өнөр болбосо, балким менин дүйнөм бош болуп калмак. Шырдак жасап олтурганда көңүлүм тынчыйт. Кээде жашоодогу оор ойлордон да өнөр куткарат экен. Өнөр – адамды ичинен байытат. Байлык акча менен эмес, руханий дүйнө менен өлчөнөт деп ойлойм.

– Өнөр адамдын жан дүйнөсүн айыктыра алабы?

– Албетте айыктырат. Бирок аны сезе билген адам  гана туят. Азыр адамдардын көбү чарчады, шашып жашап калды. Ал эми өнөр адамды токтотот, ойлонтот, сабыр кылганды үйрөтөт. Кийиздин жыты, жүндүн табы, оймонун сыры  мунун баары адамдын ички дүйнөсүнө таасир берет. Ошон үчүн илгери энелерибиз кыздарына сөз менен эмес, өнөр менен тарбия берген.

– Азыр кол эмгегинин баркы төмөндөп бараткан жокпу?

– Кээде ошондой сезилет. Себеби азыр даяр нерсе көп. Адамдар бат бүткөндү жакшы көрүп калды. Бирок фабрикадан чыккан буюм менен колдун табы сиңген эмгектин айырмасы асман менен жердей. Кол эмгегинде касиет бар. Анткени аны жасаган адамдын энергиясы, пейили кошулат. Ушуну жоготпошубуз керек.

– Улуттук өнөрдү сактап калуу  тарыхты сактоо десек болобу?

– Ооба. Улуттук өнөр жоголсо, эл өз жүзүн жоготот. Шырдактагы ар бир оймонун мааниси бар. Илгери чоң энелер оймо аркылуу бүтүндөй бир тарыхты айтып берген. Биздин муун ошол мурасты кийинки муунга жеткирүүгө милдеттүү. Болбосо келечек өз тамырын унутуп калат.

– Кол өнөрчүлүк сизге жашоодон эмнени үйрөттү?

– Эң биринчи сабырдуулукту үйрөттү. Анан эмгекти баалаганды. Ата-энеңдин бир үзүм нан үчүн канча мээнет кылганын түшүнө баштайсың.
Өнөр адамды жөнөкөй, токтоо кылат экен. Канчалык көп иштеген сайын, ошончолук жашоонун баркын сезесиң.