Исхак Жумагулов, ветврач: «Мал сүйлөй албайт, бирок анын дартынын себебин билип, дарылай билиш керек»
3 август

Исхак Жумагулов, ветврач: «Мал сүйлөй албайт, бирок анын дартынын себебин билип, дарылай билиш керек»

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ветеринардык клиникасы бүгүн жөн гана студенттер практика өтүүчү жай эмес. Бул жерде заманбап медициналык жабдуулар менен жаныбарларга диагноз коюлуп, татаал операциялар жасалат. УЗИ, ЭКГ, эндоскопия, рентген, лабораториялык анализдер баары бир жерде. Клиникада студенттер теорияны гана окубастан, чыныгы тажрыйба топтошот. Ветеринар дарыгер Исхак Жумагулов менен клиниканын мүмкүнчүлүктөрү, Арашан койлоруна жасалган операциялар жана ветеринариянын келечеги тууралуу маектештик.

“Бул жөн гана окуу жайдын кабинети эмес, толук кандуу медициналык борбор”

– Исхак Рустанбекович, клиникага киргенде кадимки эле окуу жайдын лабораториясына эмес, заманбап медициналык борборго келгендей таасир калат. Бул мүмкүнчүлүктөргө кантип жетиштиңиздер?

– Ооба, бизге биринчи жолу келгендердин көбү ушундай таасир алат. Анткени бул жөн гана студенттер практика өтүүчү жай эмес. Бул толук кандуу заманбап ветеринардык клиника.

Бизде УЗИ, ЭКГ, эндоскопия, рентген аппараттары бар. Лабораторияда кандын, зааранын анализдери бир нече мүнөттө даяр болот. Ветеринарияда убакыт абдан маанилүү. Кээде ошол бир нече мүнөт жаныбардын өмүрүн сактап калууга жардам берет.

Ошондой эле ири малдар жана майда жаныбарлар үчүн өзүнчө жабдуулар каралган. Бүгүнкү күндө ветеринариядагы акыркы технологиялар менен иштеп жатабыз.

“Күнүнө 20дай жаныбар кабыл алабыз”

– Клиникага күн сайын канча жаныбар кайрылат? Негизинен кайсы жаныбарларга жардам көрсөтөсүздөр?

– Орточо эсеп менен күнүнө 20дай жаныбар кабыл алабыз. Ит, мышык, уй, жылкы, кой  ар кандай жаныбарлар келет.

Акыркы убакта өзгөчө Арашан койлору көбөйдү. Айрым учурда жөн гана дарылоо жүргүзүлсө, кээ бир учурларда операция жасоого туура келет. Ар бир жаныбардын абалы өзгөчө. Ошондуктан ар бирине өзүнчө мамиле кылуу керек.

“Эгиз козуларды сактап калган операциядан кийин ишеним артты”

– Эгиз козулуу Арашан койго жасалган операциядан кийин клиникага кайрылгандардын саны көбөйгөнү айтылды. Бул окуя сиздерге болгон ишенимди арттырдыбы?

– Ооба, ошол учурдан кийин бизге кайрылгандар көбөйдү. Эл арасында ветеринардык жардамдын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүнүк кеңейди деп ойлойм. Арашан койлордо көбүнчө туут учурунда кыйынчылыктар жаралат. Козу чоң болуп калганда же эгиз козулоо болгондо кадимки жол менен тууй албай калган учурлар болот. Мындай учурда операция жасоого туура келет.

Кудайга шүгүр, көп учурда койду да, козуларын да аман алып калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Куйругун көтөрүү операциясы да жасалат

– Арашан койлордун өзгөчө көрүнүшүн сактоо үчүн куйрукка байланышкан операциялар да жүргүзүлөбү?

– Ооба, биздин клиникада Арашан койлордун куйругун көтөрүү жана формасын оңдоо боюнча операциялар жасалат. Мындай процедуралар куйрук ылдыйлап кеткен учурда жүргүзүлөт. Максаты  жаныбардын сырткы көрүнүшүн жана абалын жакшыртуу.

“Наркозсуз операция жасоо мүмкүн эмес”

– Көпчүлүк адамдар жаныбарларга операция кандай жасаларын элестете бербейт. Малдарга да адамдыкындай наркоз колдонобу?

– Албетте. Наркозсуз операция жасалбайт. Биз маска аркылуу жана ингаляциялык наркоз ыкмаларын колдонобуз. Жаныбар акырын уктап, операциядан кийин көзөмөл астында ойгонот. Айрым учурда операция учурунда дем алуусу начарлап кетсе, атайын аппараттар аркылуу абалын көзөмөлдөйбүз.

“Жаныбар сүйлөбөйт, анын абалын сен түшүнүшүң керек”

– Ветеринардык кесиптин эң оор жана жоопкерчиликтүү жагы эмнеде?

– Эң оор нерсе  жоопкерчилик. Жаныбар сүйлөй албайт, кайсы жери ооруп жатканын айтып бере албайт. Ветеринар анын көз карашынан, кыймылынан, жүрүм-турумунан абалын түшүнүшү керек. Ар бир операция чоң жоопкерчиликти талап кылат. Кээде жумуш убактысы бүтсө дагы абалы оор жаныбарды таштап кете албайсың. Таң атканча жанында болуп, көзөмөлдөгөн учурлар болот.

“Бул жерде студент биринчи операциясын көрүп, кесипке даярданат”

– Клиникада студенттер да практикага катышат экен. Алар үчүн бул кандай мүмкүнчүлүк?

– Бул биздин эң чоң артыкчылыктарыбыздын бири. Студенттер теория менен гана чектелбейт. Алар операцияларды көрүшөт, адистер менен иштешет, жандуу практика алышат. Айрымдары биринчи жолу операцияны ушул жерден көрүп, кийин өздөрү жасоого үйрөнүшөт. Ошондуктан бул клиника жөн гана медициналык жай эмес, келечектеги ветеринарларды даярдаган чоң мектеп.

“Ар бир операция — үмүт”

– Клиниканын негизги өзгөчөлүгүн эмнеден көрөсүз?

– Эң негизги өзгөчөлүгүбүз – мүмкүнчүлүктөрүбүздө. Бизде заманбап технологиялар, күчтүү лаборатория, операциялык бөлүм жана тажрыйбалуу адистер бар. Бул жерде адамдар үчүн да, жаныбарлар үчүн да бардык шарт түзүлгөн. Ар бир операция — бул үмүт. Ал эми сакталган ар бир жан – биз үчүн чоң жеңиш.