Айгүл Аманова, кол өнөрчү:  Элдин баары кыйналган оор жылдарда мени кол өнөрчүлүгүм сактап калды
29 июль

Айгүл Аманова, кол өнөрчү:  Элдин баары кыйналган оор жылдарда мени кол өнөрчүлүгүм сактап калды

Кол өнөрчүлүк  улуттун өзгөчөлүгүн, өзүнө таандык мүнөзүн алып жүрөт. А кол өнөрчүлөр билинбеген менен ошол уңгуну сактап алып келе жаткандар. Айгүл Аманова кол өнөрчүлүктү апасынан мурастап калган жана учурда аны кыздарына өткөрүп берүүдө. Ал бизге этно стилдин заманбап жашоого кайтып келиши, жаштардын улуттук кийимдерге кызыгуусу жана кол өнөрчүлөр туш келген кыйынчылыктар тууралуу айтып берди.

– Кол өнөрчүлүк кандан өтөбү же үйрөнүп алууга болобу?

– Ар кимде ар башкача. Мисалы, мен апамдан үйрөнгөм. Апам “Өнөрлүү өлбөйт” деп көп кайталачу. “Дарак бир жерден көгөрөт” дегенди да көп айтчу. Кичине чагымдан апама жардам берип жүрүп, 5-классымдан тартып өз алдымча таар, килем согууга өттүм. Кийин апамдын көзү өттү, өз алдымча иштеп баштадым. Анын айткандары чын чыкты: кол өнөрчүлүк менен беш баламды чоңойттум, азыр кыздарымды окутуп жатам, Кыргызстандан бир карыш алыска чыкпай туруп, үй алдым. Элдин баары кыйналган оор жылдарды жашап өтпөдүкпү, ошол мезгилде үй-бүлөмдү кол өнөрчүлүгүм ачка калтырган жок.  

– Азыр гана улуттук маданиятты чагылдырып турган буюмдарга, кийимдерге кызыгуу башталбадыбы. Ортодо бир нече жылдар бул жаатка кызыгуу өчкөндөй болгон. Ошол маалда кардарларды кантип таап жаттыңыз?

– Кол өнөрчүлүктү киреше булагына айлантканыма 26 жыл болду. Көп жылдан бери Бишкектеги “Кыял” кыргыздын улуттук буюмдарын чыгаруучу көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесиндеги бир бөлмөдө отурам. Ооба, азыр кызыгуу көбөйдү, маданиятыбызга, уңгубузга кайра кайрыла баштадык. Бирок такыр эч ким кызыкпай калган жылдар болду деп айта албайм. Дайыма кардарлар табылып, эмгектерим сатылып эле келди. Менимче, кандай учур, кандай доор болбосун, тамырынан үзүлбөгөн адамдар сөзсүз болот жана ошолор кийинки муун менен байланышты жандантышат.

– Килем, таар согуу менен башталган кол өнөрчүлүгүңүз акырындык менен кеңейип жүрүп отурган окшойт?

– Ооба, жылдардын өтүшү менен адамдар көбүрөөк кызыккан нерселерди да камтууга аракет кылдым. Этно стилдеги кийимдерди, белдемчилерди, ал турмак бут кийимдерди да тиге баштадым.

– Даяр бут кийимге оймо түшүрөсүзбү?

– Биринчи бут кийимди бычтыртып алам. Анан жумшак жагына сайма саям, андан кийин толук кураштырам. Учурда ушундай саймалуу бут кийимдерге да кызыккандар көбөйүп жатканы мени кубандырат. Маданиятыңды, улуттук өзгөчөлүгүңдү кийимиңден көрсөтүп туруу сыймык эмеспи.

– Кол өнөрчүлүк боюнча курс ачыптырсыз. Ага келип окугандардын баары кол өнөрчү болуп чыгышабы?

– Шыкка жана каалоого жараша болот. Шыгы жок, бирок каалоосу күчтүү адам өздөштүрүп кете алат. Ал эми каалоосу да, шыгы да жок болсо, анда жыйынтык болбойт. Саймага кызыккан адам машинкада сайма саюуну үйрөнүп алса болот. Курсту ачканыма көп болду, жарнама кылбай эле баштап, 2-3 жылдан бери тааныштарды гана окутуп келатам. Эми кыздарым Инстаграмдан баракча ачышып, жарнамалоо жагын колго алышты.

– Курска кардарларыңыз арасында кайсы курактагылар басымдуулук кылат? Кызыккан жаштар барбы?

- Бир нерсени айтайын, азыр жаштар арасында кол өнөрчүлүккө кызыккандар көбөйдү. Жаштар андай, мындай, көп нерсеге кайдыгер, өз элинин каада-салтын, маданиятын билбейт дегендер сындарды айтып калабыз го. Жок, мен ага кошулбайм. Тескерисинче, өзүбүздүн өзгөчөлүктөргө кызыгып, кол өнөрчүлүктү баалаган жаштардын катары көбөйдү. Этно стиль жашообузга кайтып келди.

– Белдемчи он беш миң сом экен, ушул суммага сатып алгандар болобу? Кымбат эмеспи?

– Белдемчинин саймасы кол менен сайылат. Абдан көп мээнетти талап кылган иш. Көз жооруйт, кол жооруйт дегендей. Ошондуктан баасы да кымбат. Бирок кардарлары бар. Сатылбай калбайт. Белдемчи – бир гана кооздук үчүн керек эмес. Анын пайдасы көп. Төрөп-түшкөн аялдардын белин бекем жана жылуу кармайт. Ойлоп көрсөм, ата-бабаларыбыз кийген ар бир кийимдин, колдонгон ар бир буюмдун философиясы тереңде экен. Алар эч бир нерсени жөн жерден жашоолоруна киргизишкен эмес.

– Биздин өлкөдө кол өнөрчүлөрдүн абалы кандай?

– Ар бирибиз өз алдыбызча тырмалаңдап иштеп, бир аз болсо да улуттук баалуулуктардын жок болуп кетпей, кийинки муунга жетүүсүнө салым кошуп жатабыз. Казакстанда кол өнөрчүлөргө өзгөчө көңүл бурулат, ал жакка мени да чакырышкан, бирок барган эмесмин. Бизде да шарт түзүп беришсе, абдан жакшы болмок. “Кыялга” кол өнөрчүлүктү түшүнгөн, баалаган жетекчи келсе деп тилейбиз. Ар кайсы жактарга, көргөзмөлөргө чакырышат, барабыз. Бирок жол кире, тамак-аш өзүбүздөн болгондуктан, көп болсо 2-3 жолу гана барууга мүмкүнчүлүгүбүз жетет, анан токтоп калабыз. Бир аз эле колдоо көрсөтүп коюшса, кол өнөрчүлүк өнүкмөк. Колдоо жок кезде дагы өз ордун таап, алтурмак жанданып жатпайбы. Жакшы имарат бөлүп беришсе го деген кыялыбыз канча жылдан бери кыял бойдон гана калууда.