«Плачущий убийца» тасмасынын жылдызы Марк Дакаскос: ага Брюс Ли эмне берген жана Голливуд эмне бере алган жок
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ч.Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун жана Элдик дипломатиянын эл аралык шериктештигинин вице-президенти Ассоль Молдокматованын "Дүйнө лидерлери" автордук рубрикасы.
Марк Дакаскос дүйнөлүк кинематографка жасалмалоого мүмкүн болбогон сейрек кездешүүчү пластикасы менен кирген. Артында чыныгы машыгуулардын жылдары, согуш өнөрлөрү үй-бүлөлүк мектеби, ар кандай ыкмаларды издөө жана алгачкы чоң ролдоруна чейин калыптанган философиясы турган.
Миллиондогон көрүүчүлөр үчүн ал «Эң күчтүүлөр гана», «Ыйлаган киши өлтүргүч», «Карышкырлардын боордоштугу», «Драйв» ( «Только сильнейшие», «Плачущий убийца», «Братство волка», «Драйв») жана башка көптөгөн тасмалардын каарманы. Бирок мен Марк менен кино тууралуу гана баарлашкым келбеди. Адам канчалык көп жашаган сайын, анын артында калган жеңиштердин саны эмес, алар аны кандай өзгөрткөндүгү кызыктуу болот.
Марк он жети жашында Тайванга жол тарткан. Согуш өнөрлөрүнө, Чыгыш маданиятына, буддизм философиясына абдан кызыкчу. Ондогон жылдар өткөндөн кийин да машыгууну, денесин формада кармоону, аң-сезимдүүлүктү практикалоону жана жөнөкөй, бирок татаал нерсени – азыр жана ушул жерде жашоону улантууда.
Маегибиз жашоонун туруксуздугу, жаш курак, ата-эне жана балдар, Голливуд жана жалгыздык, дисциплина жана эго, адамдын “билбейм” деп айтууга укугу жана эмнеге чыныгы күч жыл өткөн сайын демонстрацияга азыраак муктаж болуп калаары тууралуу.
– Марк, сиз дээрлик бүт өмүрүңүздү денеңизди машыктырууга арнадыңыз. Бирок өзүңдүн аң-сезимиңди башкарууну үйрөнүү алда канча татаал экенин качан түшүндүңүз?
– Менимче, бул түшүнүк акырындык менен келет. Жаш кезиңизде натыйжаны көрүү оңой: тезирээк, күчтүүрөөк, ийкемдүүрөөк болуп калдың, жаңы ыкманы өздөштүрдүң. Аң-сезим башкача иштейт. Күндөрдүн биринде эле "Эми мен эмоциямды толук көзөмөлдөйм" деп айтып чечип жибере албайсың. Күн сайын жаңы кырдаал жаралат, сен кайрадан өзүңдү текшересиң. Мен үчүн аң-сезимди машыктыруу биринчи кезекте аң-сезимдүүлүккө байланыштуу: ал сени башкара баштаганга чейин өз реакцияңды байкап калуу. Кээде эмоция менен аракеттин ортосундагы бир нече секунд көп нерсени өзгөртө алат.
– Сиз көпчүлүк адамдарга караганда бир топ жакшы күрөшөсүз. Бул сизди реалдуу чыр-чатактарда сабырдуу кылдыбы?
– Ооба деп ойлойм. Жакшы согуш өнөрү конфликтти издөөнү эмес, анын баасын түшүнүүнү үйрөтүшү керек. Чынында катуу сокку ура аларыңды билгенде, аны баарына далилдеп отуруунун кажети жок. Жаштык негизи далилдерди талап кылат. Жаш өткөн сайын энергияңды эмнеге коротуу керектигин тандай баштайсың. Кээде эң туура жеңиш – бул сен аралашпаган конфликт.
– Анда бүгүнкү күндө сиз үчүн күчтүү адам болуу эмнени билдирет?
– Өзүң үчүн жооп берүү. Кылганың үчүн гана эмес, реакцияларың үчүн да. Баары жакшы болуп турганда боорукер болуу оңой. Сени провокациялап, кемсинтип же каалабаган нерсени таңуулап жатканда сый-урматты сактап калуу алда канча татаал. Мен үчүн күч дал ушундай учурларда көрүнөт. Эгер мени толугу менен ачуу башкарса, анда канчалык деңгээлде күчтүү экеним суроо жаратат.
– Күчтүү адам үчүн коркуу кооптуубу же эгобу?
– Эго абдан кооптуу, анткени ал өзүн жашыра билет. Адатта, коркууну сезесиң. Ал эми эго принциптериңди коргоп жатасың деп ынандырып коет, а чынында куру намыска алдырып жаткан болосуң. Согуш өнөрлөрүндө ушул нерсеге көп туш болосуң. Ар дайым сенден ылдамыраак, жаш, күчтүү, техникалык жактан мыкты бирөө табылат. Албетте, бул абдан жакшы. Анткени кайрадан окуучуга айланасың.
– Ондогон жылдык тажрыйбадан кийин окуучу бойдон калуу сизге оңой элеби?
– Так ушул тажрыйба сен билбеген нерселердин канчалык көп экенин эске салып турат. Мага "билбейм" деп айтууга да мүмкүнчүлүктүн болгону жагат. Бул алсыздык эмес. Тескерисинче, эркиндик берет. Ката кетирип алам го деп күмөн санап баштаганымда, башка адамды угам. Эгерде абсолюттук чындыкты билем деп алдын ала ишенсем, диалог мүмкүн болбой калат.
– Азыркы учурда адамдар катачылыктарын моюнга алуудан качышат. Эмне үчүн?
– Балким, пикир инсандын өздүк көрүнүшүнүн бир бөлүгүнө айланганынандыр. Эгер мени менен макул болбосоң, мен муну идеяма каршы талаш катары эмес, өзүмө кол салуу катары кабыл алам дегендей. Мага балким, бирибиз кичинекей нерсени билбей калгандырбыз, ошону кабыл алалы деген ыкма жагат. Ошондо кызыгуу пайда болот. Ал эми кызыгуу сый-урматка орун бошотот.
– Будда философиясы сизге туруксуздук жөнүндөгү ойлорго үйрөттү. Кабыл алууга эң эле кыйыны эмне болду?
– Ар бир адамга кыйын болгон бир гана нерсе бар: биз сүйгөн нерселердин баары убактылуу. Адамдар, мезгил, жаштык, физикалык мүмкүнчүлүктөр – эч бирин түбөлүккө кармап калуу мүмкүн эмес. Башында бул кайгылуу угулат. Бирок андан кийин таң калыштуу бурулуш болот. Бардык нерсе убактылуу болгону үчүн баалуу. Эгер мен бул күн эч качан кайталанбастыгын билип туруп, эмне үчүн мен ага толук катышпашым керек? Туруксуздук мага жашоону азыраак сүйүүнү эмес, көбүрөөк баалоону үйрөттү.
– Бирок адам баласы жаштыкты, ийгиликти, жакындарын кармап калууга аракет кыла берет. Кантип коё берүүнү үйрөнсө болот?
– Мен дагы деле үйрөнүп жатам. "Эми коё бере алам" деп бир күнү чечим кабыл алууга болот деп ойлобойм. Сүйүү, албетте, байланууну жаратат. Бирок мезгилди кармап алуу каалоосунун ордуна ыраазычылык билдирүүнү акырындык менен үйрөнсө болот. "Бул түбөлүккө созулушу керек" эмес, "бул менин жашоомдо болгонуна ыраазымын" деп. Мен үчүн бул чоң айырма.
– Сиз 61 жаштасыз, машыгууну улантып жатасыз. Өмүр бою денесин өтө жогорку деңгээлде башкарган адамга, анын өзгөрүп жатканын көрүү кыйынбы?
– Албетте, дене өзгөрөт. Муну четке кагуу акылсыздык. Алтымыш жашымда отуз жашымдагыдай талап кое албайм. Бирок жаш курак кыймылды токтотуш керек дегенди билдирбейт. Башка мамилени талап кылат. Ден соолукту жакшы угуу, калыбына келтирүү, уйку, суу, тамактанууга көңүл буруу керек. Максат – дагы эле жыйырма жашта экениңди далилдөө эмес. Максат – азыркы жашыңды мүмкүн болушунча жакшы жашоо.
– Демек, жашты кабыл алуу да бир түрдүү тартиппи?
– Албетте. Анткени эго: «Мен мурункудай болушум керек» дейт. Ал эми чындык: «Сен башкасың» дейт. Эгер чындык менен согушсаң, утуласың. Бирок кабыл алуу – бул багынып берүү эмес. Мен жашымды кабыл алып, машыгууну уланта алам. Чектөөлөрдү кабыл алып, ошол эле учурда мүмкүнчүлүктөрүмдү изилдейм.
– Сизге согуш өнөрлөрүн ата-энеңиз үйрөтүшкөн экен. Апаңыз абдан улгайган курагында да укмуштуудай ийкемдүүлүгүн сактап келет, атаңыз үйрөтүүнү улантып жатат. Алар сизге кандай башкы сабакты беришкен?
– Ырааттуулук. Мен бир нече ай бою дени сак жашоого берилип кеткен адамдарды эмес, денесин жана акылын багуу жашоосунун бир бөлүгүнө айланган адамдарды көрдүм. Алар машыгышат, окушат, билим алышат, билимин башкаларга өткөрүп беришет. Бала үчүн ата-эненин үлгүсү лекциялардан алда канча күчтүү. Балага жүз жолу: «Тартиптүү бол» деп айтсаң болот, бирок эгер ал сенин жашооңдон эч кандай тартипти көрбөсө, сөздөрдүн таасири болбойт.
– А сиз уулдарыңызга эмнени өткөрүп бергиңиз келет?
– Сыйчылдыкты, боорукердикти, дисциплинаны жана өз алдынча ой жүгүртө билүүгө болгон жөндөмдү. Алар джиу-джитсу жана күрөш менен машыгышат, бирок менин көчүрмөмө айланууларын каалабайм. Ата-эне пайдубалды гана бериши керек, а бала өз жашоосун өзү курууга тийиш.
– Балдарыңызга аң-сезимдүү түрдө эмнени үйрөтпөйсүз?
– Мен аларга ката кетирүүдөн коркууну үйрөткүм келбейт. Каталар да керек. Эгер ата-энелер баланын жолундагы бардык тоскоолдуктарды жок кылууга дайыма аракет кылышса, ал ордунан турганды үйрөнбөйт. Албетте, балдарды коргогуң келет. Бирок биздин милдетибиз – жашоону алар үчүн жашап берүү эмес, аларды бир күнү бизсиз жашоого жетиштүү күчтүү кылууга жардам берүү.
– Марк, сиз "бизсиз жашоо" дедиңиз. Ата-эне болуу убакыттын чектелүүлүгүн өзгөчө курч сездиреби?
– Ооба. Балдар пайда болгондо, убакыт абдан көрүнүктүү болуп калат. Адегенде баланы колуңа аласың, анан ал мектепке барат, анан чоңоёт. Баары өтө тез эле болгондой сезилет. Ошондуктан катышууга аракет кылам. Жөн гана физикалык жактан жанында туруп алып, анан жумуш жөнүндө ойлонуп же телефонду тиктей бербей, чындап жанында болуу.
– "Өз маалында болуу" сизге эмнени билдирет?
– Болуп жаткан окуяга көңүл буруу. Сиз менен сүйлөшүп жатсам – сиз менен сүйлөшүү. Жөө бассам – жолду көрүү, үндөрдү угуу, абаны сезүү. Машыксам – денеде болуу. Биз көп учурда бир жерде физикалык жактан турабыз, ал эми аң-сезимибиз таптакыр башка жерде болот. Натыйжада, өз жашообузду өткөрүп жиберебиз.
– Ошондон улам сиз медитативдик сейилдөөнү жактырасызбы?
– Ооба, бирок көпкө чейин аларды медитация деп атаган эмесмин. Наушниксиз басканды, адамдарды, көчөлөрдү, жаратылышты караганды жакшы көрөм. Эч нерсени атайылап издебейм. Жөн гана карайм, угам, сезем. Азыркы дүйнөдө жымжырттык роскошь катары эле болуп калды.
– Адамга эмне үчүн жымжырттыкта калуу ушунчалык кыйынчылыкка айланды?
– Анткени жымжырттыкта өзүң менен жолугасың. Сырткы ызы-чуу дайыма алаксытат. Телефон, музыка, жаңылыктар, жумуш. Анын баарын алып салсаң, өз ойлоруң калат. Алардын баары эле жагымдуу эмес. Ошондуктан аң-сезимдүүлүк кээде эрдикти талап кылат.
– Сиз муздак душ кабыл аласыз. Муздуу суу тийген алгачкы секунддарда аң-сезимде эмне болот?
– Ичиңдегинин баары: «Чык мындан!» дейт. Ошондо дем алуу пайда болот. Сен ой күчүң менен сууну жылыта албайсың, бирок денеңдин реакциясын байкап, тынчтана аласың. Мага бул практиканын ушул бөлүгү кызык. Бул кичинекей сабак: бардык жагдайлар бизге баш ийбейт, бирок реакциянын сапатын машыктырса болот.
– Эмне үчүн дем алуу сиздин философияңызда маанилүү орунду ээлейт?
– Анткени бул өзүңө кайтып келүүнүн эң жеткиликтүү жолу. Адам стресске кабылганда, дем алуусу өзгөрөт. Эс алганда да ошондой. Биз бул куралды өмүр бою өзүбүз менен алып жүрөбүз жана дээрлик байкабайбыз. Кээде ачууланып жооп берүүдөн мурун, терең дем алып, өзүңө бир нече секунд берүү жетиштүү. Бул майда нерседей сезилет, бирок дал ушул секунддардан кээде абдан олуттуу чечимдер жаралат.
– Эгер сизге дүйнө жүзүндөгү балдарга үйрөтүүгө татыктуу бир гана принцип тандоону сунушташса, эмнени тандамаксыз?
– Жакшылык. Бирок кооз сөз катары эмес. Жакшылык аракетти талап кылат. Башканы сыйлоо. Алсызды кемсинтпөө. Угуу билүү. Анан айлана-чөйрөдөгүлөрдү гана эмес, өзүңдү да сыйлоо.
– Согуш өнөрүнө өмүрүн арнаган адам эмне үчүн жеңиштен жакшылыкты жогору коёт?
– Анткени зыян келтирүү жөндөмү адамды күчтүү кылбайт. Күчтү качан колдонууга болбостугун түшүнүү алда канча маанилүү. Мүмкүнчүлүктөр канчалык көп болсо, жоопкерчилик ошончолук көп болот. Мен үчүн согуш өнөрүнүн маңызы дал ушунда.
– Демек, чеберчиликтин эң жогорку чеги – чеберчиликти качан колдонууга болоорун билүүбү?
– Эгер машыгуулар адамды агрессивдүү, текебер кылып, артыкчылыгын көрсөтүүгө умтултса, анда бир нерсеси туура эмес. Чыныгы ишеним көбүнчө тынч болот.
– Голливуд, тескерисинче, атаандаштыкка негизделген. Сени дайыма тандап, четке кагып турган индустрияда ички тең салмактуулукту кантип сактоо керек?
– Бул оңой эмес. Актер мыкты даярданып алып, талантына такыр тиешеси жок себептерден улам роль албай калышы мүмкүн. Башка типаж, бой, жаш, өнөктөш менен химия – айтор, себептер көп. Ар бир жолку четке кагылууну өзүңдүн кемчилигиңдин далили катары кабыл алсаң, кесип сени тез эле талкалап салат. Натыйжаны өзүңдүн баалуулугуңдан ажыратууну үйрөнүү керек.
– Кино сизге биринчи жолу: «Мен ушул нерсе менен алектенгим келет» деген сезимди кайсы учурда бергени эсиңиздеби?
– Мени, албетте, Брюс Линин тасмалары абдан таасирленткен. Согуш өнөрлөрүнө кызыккан бала үчүн экрандан укмуштуудай физикалык экспрессивдүүлүктү, философияны жана харизманы айкалыштырган адамды көрүү абдан күчтүү тажрыйба болду. Кийинчерээк кино кыймыл аркылуу окуяны баяндоого мүмкүнчүлүк берерин түшүндүм.
– Согуш өнөрлөрү менен актердук чеберчилик окшошпу?
– Абдан. Экөөндө тең катышуу, ритм, өнөктөшкө көңүл буруу, кайталоо, тартип талап кылынат. Согуш сценасында жалгыз жашай албайсың. Өнөктөш сага, сен ага ишенишиң керек. Экрандагы жакшы салгылашуу бийге окшош: ал кылдаттык менен курулат, бирок биринчи жолу болуп жаткандай көрүнүшү керек.
– Чыныгы же жакшы ойнолгон салгылашуу – кайсынысы кыйыныраак?
– Бул таптакыр башка милдеттер. Чыныгы салгылашууда натыйжалуулук маанилүү. Кинодо – окуя. Кээде эң натыйжалуу ыкма экранда такыр кызыксыз көрүнөт. Кино көрүүчүлөрдүн мейкиндикти, коркунучту, катышуучулардын түшүнүктүү мүнөзүн талап кылат. Жакшы согуш сценасы каармандар жөнүндө бир нерсени айтып бериши керек.
– Хабиб Нурмагомедовго суктанат экенсиз. Анын кайсы жагы сизге чебер катары кызык?
– Анын тартиби, көзөмөлү, өз системасын түшүнгөндүгү. Эмне кылып жатканын абдан жакшы билет жана атаандашына өзүнүн согуш чындыгын таңуулай алат. Бул таасирдүү. Уулдарым жекеме-жеке кармаштарды менден да көп көрүшөт, джиу-житсу жана күрөш менен машыгышат, ошондуктан алардын аркасы менен мен да кабардар болуп турам.
– Сиз кайсы мушкерлерди кинодон көрүүнү каалаар элеңиз?
– Мага Андерсон Сильванын эң мыкты жылдарындагы динамикасы ар дайым жагып келген. Кол жана бут менен соккулары, аралыкты сезүүсү, кыймылы – визуалдык жактан абдан кызыктуу. Балбандар жана жиу-житсу чеберлери укмуш, бирок кино үчүн күрөштү жаркын сокку техникасы менен айкалыштыруу өзгөчө кызыктуу.
– Голливуд жаштыктын культун жараткан. Кесибиңизде жаш курактын кысымын сездиңиз беле?
– Албетте, индустрия сырткы көрүнүшкө абдан багытталган. Бирок жаш өткөн сайын жаш актёр али тиешелүү турмуштук тажрыйбага ээ болбогондуктан ойной албаган ролдор пайда болот. Жүз өзгөрөт, дене өзгөрөт, үн өзгөрөт – бирок ошол эле учурда башкача тереңдик пайда болот. Маселе – жаштыкты жоготуу катары кабыл аласыңбы же жаңы барак катарыбы.
– Бүгүнкү Марк отуз жаштагы Маркка эч качан далилдебей турган нерсе эмне?
– Ар бир салгылашууда милдеттүү түрдө жеңишке жетишүү керектигин. Отуз жашта алдыга умтулгуң, колуңдан келерин көрсөткүң келет. Азыр мен көбүрөөк сурайм: эмне үчүн? Чынында эмне маанилүү? Бул жеңиш арзыбаган убакытты талап кылабы? Анткени убакыт алда канча баалуу болуп калат.
– Сиз үчүн эң ашыкча бааланган жеңиш кайсы болду?
– Сырткы таанууну ашыкча баалап жиберүү оңой. Жаш кезиңде, ушул ролду алам, белгилүү бир деңгээлге жетем – ошондо кандайдыр бир акыркы канааттануу сезими келет деп ойлойсуң. Бирок эртең менен кайра эле өзүң бойдон ойгоносуң. Эч бир роль ички бакыт маселесин чечип бербейт.
– Ал эми жаш кезиңизде ойлогондон эмне маанилүүрөөк болуп чыкты?
– Үй-бүлө. Убакыт. Ден соолук. Эртең менен ойгонуп, кыймылдай алуу мүмкүнчүлүгү. Сүйгөн адамың менен сүйлөшүү. Биз жөнөкөй нерселердин баалуулугун аларды жоготуу коркунучу пайда болгондо гана байкайбыз.
– Буддизм байланбоо жөнүндө айтат. Сүйгөн адамдарыңа байланбоо мүмкүнбү?
– Менимче, анда азыраак сүйүш керек деп айтылбаган. Тескерисинче – көбүрөөк көңүл буруп сүйүү, адамды өз менчигиң деп эсептебөө белгиленген. Анын катышуусун кепилденген нерсе катары кабыл албоо. Убактылуулукту түшүнүү сүйүүнү тереңдетиши мүмкүн.
– Сиз көпчүлүк өмүрүңүздү эркек күчүн көрсөтүшү керек болгон дүйнөдө өткөрдүңүз. Эр жүрөктүүлүк жөнүндөгү түшүнүгүңүз өзгөрдүбү?
– Ооба. Кээде эркек үчүн коркунучту моюнга алуу, жардам суроо же "мен адашкан экенмин" деп айтуу, физикалык күч көрсөткөнгө караганда алда канча кыйын. Бизди көбүнчө алсыздыкты жашырууга үйрөтүшөт. Бирок адам өзүнүн оорусун моюнга ала албаса, ал кандайдыр бир жол менен көрүнө берет. Мен үчүн бүгүнкү күндөгү эр жүрөктүүлүк физикалык эрдиктен алда канча кеңири.
– Кечирим сурай билесизби?
– Үйрөнүп жатам. Кечирим суроо өткөн окуя туура болгон дегенди билдирбейт. Ал сенин өмүрүңдүн акырына чейин сага зыян келтирген адамды ичиңде көтөргүң келбегенин билдирет. Кээде таарынычты коё берүү биринчи кезекте өзүңө белек.
– Ал эми өзүңдү кечирүү кыйыныраакпы?
– Кээде алда канча кыйыныраак. Биз өзүбүзгө таң калыштуу түрдө ырайымсыз боло алабыз. Бирок ката кетиргениңди түшүнүп, жүрүм-турумуңду өзгөртүп, кесепеттерин жоюу үчүн колуңдан келгендин баарын жасаган болсоң, чексиз жазалоо эч кимге жардам бербейт. Жашоону улантыш керек.
– Эгерде сиз Азияга сапарга чыгып жаткан 17 жаштагы Марк менен кайрадан жолуша алсаңыз, ага эмне деп айтмаксыз?
– Балким: "Шашпа. Кылдат кара. Көбүрөөк ук. Сен жооп издеп бара жатам деп ойлойсуң, бирок суроолор алда канча баалуу болот" демекмин. А балким, мындай деп кошуп коймокмун: "Ар бир учурду кармап калууга аракет кылба. Учурунда жашай бил".
– Кандай ойлойсуз, бул айткандарыңызды кабыл алат беле?
– Кабыл албаса керек эле дейм. Бул нормалдуу. Кээ бир нерселерди сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Аларды жашоо керек.
– Марк Дакаскос менен байланыштырып көнгөн нерселердин баары: кино, согуш өнөрү, татаал кыймылдарды жасоо мүмкүнчүлүгү, экрандагы каармандар бир күнү жоголуп кетсе, ким калат?
– Үй-бүлөсүн сүйгөн, окуусун улантып, боорукер болууга аракет кылган адам калат деп үмүттөнөм. Эгер өмүрүнүн акырында кинолордун же жеңиштердин тизмеси гана калса, бул жетишсиз деп ойлойм. Кесип – менин жашоомдун маанилүү бөлүгү, согуш өнөрү – менин жашоомдун чоң бөлүгү. Бирок алар менин бүт жашоом эмес.
– Анда акыркы суроо, Марк. Ондогон жылдар бою машыгуу, кино, саякаттоо, жеңиштер жана каталар – эң кыйыны эмнени үйрөнүү болду?
– Толугу менен ушул жерде болуу. Биз дайыма чыныгы жашоо бир аз кийин башталат деп ойлойбуз: кийинки долбоордон, кийинки максаттан, кийинки көйгөйдөн соң. Анан жылдар өтүп кетет. Ошондуктан мен үчүн эң татаал жана маанилүү көнүгүүлөрдүн бири – түшүнүү: бул жашоо. Бул сүйлөшүү. Бул күн. Бул дем алуу. Азыр жаныңда турган адамдар. Кийин эмес. Азыр.
– Рахмат, Марк, бул терең сүйлөшүү үчүн. Ачык айтканыңыз жана өзүнө суроо берүүнү, күч түшүнүгүн кайра карап чыгууну улантып жаткан согуш өнөрүнүн чебери жана белгилүү актёрдун артындагы адамды көрүүгө мүмкүнчүлүк бергениңиз үчүн.
– Сизге да рахмат, Ассоль. Акыркы жооптор көмүскө калып кеткен сүйлөшүүлөрдү жакшы көрөм. Кээде жакшы суроо жоопко караганда алда канча маанилүүрөк болот.
