«Дордой-Номадда» Nomad Fest фестивалы өтөт: этномода, кол өнөрчүлөр жана концерттер
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
22 август

«Дордой-Номадда» Nomad Fest фестивалы өтөт: этномода, кол өнөрчүлөр жана концерттер

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Дордой-Номад» маданий-этнографиялык комплекси эл аралык музыкалык-этнографиялык Nomad Fest фестивалына аянтча болот.

Фестивалдын ачылышы 2-сентябрга белгиленген. Башкы сахнадагы салтанаттуу ачылыш аземи саат 19:00дөн 22:30га чейин өтөт.

Кечке жуук негизги ачылыш аземине чейин эле комплекстин аймагындагы башка аянтчалар өз ишин баштайт. Коноктор үчүн этномода көрсөтмөсү жана фотосессиялар уюштурулуп, «Кыл_Арт.KG» кыл кыякчылар ансамбли, «УстатШакирт» фольклордук-этнографиялык ансамбли, «АУРА» фолк-джаз тобу жана «АРАЛАШ» импровизациялык театры өнөр тартуулайт.

Кол өнөрчүлөр аллеясында кыргызстандык жана чет өлкөлүк усталар менен сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган этнокөргөзмө уюштурулат. Мындан тышкары, зергерчилик жана кийизден буюм жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт. Ал эми ART LAB аянтчасында «Улуу тоолордун баяны» аттуу көчмө көргөзмө көрсөтүлөт.

3-5-сентябрда башкы сахнада «ЭТНОБИЙ», «ЭТНОМОДА» жана «КӨЧМӨН ЖЫЛДЫЗДАРЫ» багыттары боюнча сынактык программа өтөт.

Ошондой эле комплекстин аймагында концерттик жана театралдык программалар, жарманке жана ар кандай мастер-класстар улантылат. Алардын арасында токуу, ат жабдыктарын жасоо, металлга чегүү, керамика жана сууга сүрөт тартуу боюнча сабактар уюштурулат.

«Дордой-Номад» комплексиндеги иш-чараларга кирүү билет менен жүргүзүлөт.