2026-жылдын 20-августунда саат 20:40 чамасында Көлбаев көчөсүндө жол кырсыгы катталган
22 август

2026-жылдын 20-августунда саат 20:40 чамасында Көлбаев көчөсүндө жол кырсыгы катталган

Коомдук транспорттун алдына чуркап чыккан бала дароо ооруканага жеткирилген, учурда абалы жакшы.

Алдын ала маалымат боюнча, №162 каттамында жүргөн автобустун айдоочусу чыгышты көздөй бара жатып, «Медикон» клиникасынын тушунда жолго күтүүсүздөн чуркап чыккан 7 жаштагы баланы сүзүп алган.

Маалыматка ылайык, бала жол жээгинде токтоп турган унаалардын ортосунан топту кууп чыгып, түндүктөн түштүктү көздөй жолго чуркап чыккан. Натыйжада ал автобустун алдыңкы эшигине урунган.

Окуя болгон жерге «103» тез жардам кызматы чакырылып, бала №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Автобустагы жүргүнчүлөрдүн арасында жабыркагандар жок.

Аталган жол кырсыгы МККБга жана камсыздандыруу компаниясына каттоого алынган. Учурда окуянын себептери жана жагдайлары такталып, тиешелүү териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.