Филармонияда “Манас" спектакли тартууланды
22 август

Филармонияда “Манас" спектакли тартууланды

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында "Манас" музыкалык-хореографиялык спектаклинин салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, чыгарма Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун ыр-бий ансамбли тарабынан даярдалган.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин айым, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери жана маданият ишмерлери катышты.

Министр өз сөзүндө Кытайда жашаган кыргыз боордоштордун улуттук маданиятты, тилди жана каада-салтты сактоого кошуп жаткан салымын өзгөчө белгиледи. Музыка, бий жана сахна өнөрүн айкалыштырган спектакль "Манас" эпосунун көркөм дүйнөсүн ачып берип, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Эске салсак, гастролдук программанын алкагында "Манас" спектакли 22-августта саат 19:00дө Филармониянын чоң залында кайрадан көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.