Кызамык менен ооругандардын саны 20 эсеге, көк жөтөл 5 эсеге азайды
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда бир катар жугуштуу оорулардын, анын ичинде эмдөө аркылуу алдын алууга боло турган инфекциялардын саны азайганы белгиленди.
Кызамык менен ооругандардын саны 20 эсеге азайды: 2026-жылы 433 учур катталса, 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 8 572 учур катталган. Көк жөтөл менен ооругандардын саны 5 эсеге азайып, 255 учурдан 53 учурга чейин төмөндөгөн.
Ошондой эле курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоо менен ооругандардын саны 3,2%га, ВИЧ-инфекциясынын катталган учурлары 13,7%га, ал эми курч вирустук гепатиттер менен ооругандардын саны 3,2 эсеге азайган.
