24 ыктыярчы Тынчтык корпусунун антын кабыл алып, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн баштады
Бүгүн, 21-августта, Тынчтык корпусунун ыктыярчыларынын ант берүү аземи болуп өттү. Ага Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин биринчи орун басары Гульнура Мамырова жана Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө 24 ыктыярчы ант берип, Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн баштады. Алар бир нече жума бою кыргыз тилин үйрөнүп, өлкөнүн маданияты жана каада-салттары менен таанышып, ошондой эле англис тилин окутуу боюнча даярдыктан өтүштү.
Тынчтык корпусу менен кызматташуунун алкагында алгач ирет ыктыярчылар Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларында иш алып барышат.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Гульнура Мамырова ыктыярчылар Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы достуктун көпүрөсү болуп, маданий алмашууга, өз ара түшүнүшүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө салым кошорун белгиледи.
Кыргыз Республикасы менен Тынчтык корпусунун кызматташтыгы 1993-жылы башталган. Бул убакыт аралыгында Кыргызстанда 1400гө жакын ыктыярчы иштеп, билим берүү тармагын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон.
