Манас шаарындагы ири спорт комплекстин курулушу уланууда
22 август

Манас шаарындагы ири спорт комплекстин курулушу уланууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Манас шаарындагы 5200 орундуу ири спорт комплексинин курулушу белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Манас шаарынын мэриясы тарабынан башталган үч ири объекттин долбоордук-сметалык документтерине жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгында курулуш наркы жогору эсептелгени аныкталган. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан объектилердин долбоордук-сметалык документтери кайрадан каралып, наркы такталган.

Натыйжада үч ири объект боюнча 1 млрд сомдон ашык бюджеттик каражатты үнөмдөөгө шарт түзүлдү.

Алардын бири - Манас шаарындагы 5 200 орундуу спорт комплекси. Долбоордун баштапкы сметалык наркы 3 млрд сомдон ашык деп эсептелсе, кайра эсептөөнүн жыйынтыгында анын наркы 2,6 млрд сом деп такталып, 479 млн сом үнөмдөлдү.

Долбоорго ылайык, спорт комплексинин жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Анда 5200 көрүүчүгө ылайыкталган футбол аянтчасы, VIP коноктор үчүн атайын орундар, төрт кабаттуу административдик имарат, эл аралык стандарттарга жооп берген бассейн, машыгуу аянтчалары, медициналык пункт, тамактануучу жайлар жана унаа токтотуучу жайлар каралган.