2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында фармацевтикалык текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 2,34 млн сом өлчөмүндө айып пул салынды
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында фармацевтикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн субъекттерге, ошондой эле дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү талаптарынын сакталышы боюнча саламаттык сактоо уюмдарына текшерүүлөр жүргүзүлдү.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында жалпы 2 млн 340 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Анын ичинен 1 млн 765 миң сом фармацевтикалык ишмердүүлүк субъекттери тарабынан белгиленген талаптардын бузулушуна, дагы 575 миң сом саламаттык сактоо уюмдарындагы мыйзам бузууларга туура келет.
Аныкталган негизги мыйзам бузууларга дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо талаптарынын сакталбашы, бекитилбеген бланктарга рецепттерди жазып берүү жана этикалык маркетинг талаптарынын бузулушу кирет.
