Бакытбек Жумамамбетов, уста: «Баса албасам да ушундай өнөрдү берип койгон Кудайыма ыраазымын»
6 июнь

Бакытбек Жумамамбетов, уста: «Баса албасам да ушундай өнөрдү берип койгон Кудайыма ыраазымын»

Турмуш-шарты жакшы, телегейи тегиз, алты саны аман болсо да турмушуна нааразы болгон адамдар бар. Ошол эле учурда мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай жакшы жашоодо жашап, бардык кыйынчылыкты позитив менен жеңе билген инсандар да жок эмес. Бул жолку рубрикабыздын каарманы Бакытбек Жумамамбетов мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай  дүйнөлүк бренддерден сапаты, ыңгайы, сыны жагынан кем калышпаган булгаары өтүктөрдү ултарган, колунан көөрү төгүлгөн уста. Кеп башынан болсун...

«Ден соолугумдун айынан бир нече мектеп алмаштырдым»

Мен Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айылынан болом. 49 жаштамын. Атам зоотехник, апам мугалим. Алты бир туугандын экинчисимин. Баланын азабын ата-эне биринчи тартат эмеспи. Менин абалым жакындарымды көп кайгыртты. Башка бир туугандарымдын ден соолуктары жакшы, үйдөн менин саламаттыгым гана начар болду. Бир жашымда кадимки балдардай эле баскан экенмин. Кийин эмдөөмдү албай калганыма байланыштуубу же улуу муун айтмакчы «көз тийгенби», айтор, баспай баштаптырмын. Ошентип бала кезимден бир бутум экинчисинен кыска болгон үчүн таяк таянып жүрүп калгам. Ден соолугумдун айынан бир нече мектепти алмаштырдым. Ата-эне, бир туугандарымдан алыс болдум. Бул менин бала кезимдеги түйшүктүү күндөрүмдүн бири болду десем болот. Адеп мектептин босогосун Кара-Балтадагы атайын мектеп-интернаттан аттадым. Кийин өз айылымдагы мектепке которулуп окуумду ал жерден уланттым. 3-классымдан баштап Воронцовка айылындагы биздей балдар үчүн атайын жатак мектептен билим алып, 11-классты окуп бүтүрдүм.

«Эксперимент жасоого кабылып биротоло баспай калгам»

Азыр ушул жашоомо шүгүр келтирип, жаркын маанай менен карап калганым менен бала кезимде «Эмнеге мен?.. Эмне үчүн баспайм? Кандай күнөөм үчүн эки таякка байланып калдым?» деген суроолор оюмдан кетпей ызаланчумун. Ыйлаган күндөрүм болду. Өзгөчө өткөөл мезгилим мен үчүн кыйын болгон. Чуркап ойноп жүргөн балдарды көргөндө мен да чуркап кетким келчү. Качан гана акыл-эс токтолуп калган кезде Жараткандын башка салганын толук моюндап жашоону үйрөндүм. «Дарыласа болбойт беле?» деген суроолорду беришет. Башында бир бутум басып, таканчыктап турганга жарачу. Воронцовкада окуп жүргөн кезимде «эксперимент жасоого» туш болгон экенмин. Анын үстүнө үйдөгүлөргө айыгып кетет десе уруксат берип коюшкан экен. Ошентип операция ийгиликсиз болуп эки бутум тең баспай калган.

«Издендим, аракет кылдым, акыры «өтүкчү Бакы» аталдым»

Биздин жаштык кез союз тарап, эл кийимге эмес нанга жетпей калган заманга туш болду. Мектепти аяктагандан кийин жогорку окуу жайларга окуталы дешкенинен көнбөй өз айылымда калдым. Апамдар кийиз жасап кол өнөрчүлүк кылышкан кезде оюуларын түшүргөнгө, шырып жөрмөгөнгө жардам берчүмүн. Эмнегедир кол өнөрчүлүккө көп кызыгар элем. Анын үстүнө биз окуган мектепте жөндөмүңө жараша кол өнөрчүлүк үйрөтчү. Эгемендик заман башталганда Кытайдын сапаты начар кийими, бут кийимдери келе баштады го. Ошол сапатсыз бут кийимдерди оңдоп-түзөөдөн менин алгачкы ишим башталган. Башында дос-туугандардын бут кийимдерин оңдоп, түзөп ултара калчумун. Ат жабдыктарды да жасап калчу элем. Элден бут кийим оңдоп-жасатууга көп тапшырык түшө баштаган үчүнбү, бул өнөрдү кесип кылып тандап алдым. Издендим. Өзүм менен бирге окуган досум Бишкекте өтүк ултарчу эле. Ага келип кеп-кеңеш алып кеттим. Эски бут кийимдерди сөгүп, лекала жасап, алгачкы кичинекей устаканамды түптөдүм. Ошентип «өтүкчү Бакы» аталдым.

«Алп Жеңишбектин бут кийимин көзү өткөнчө мен ултарып берип жүрдүм»

Бир күнү кичинекей устаканама узун бойлуу, алп бала ээрчитип ата келди. Баласынын бутунда ДСПга резина уруп шлепкадай кылып жасап кийгизип коюшкан экен. Коңшу айылдан келгенин айтып таанышып калдык. Ысымын Жеңишбек деди. Кыргызстандагы эң узун адам кадимки Жеңишбек экен. Тапшырыгын кабыл алып, бутунун өлчөмүн алдым. Буту абдан чоң болгон үчүн эч жерден ага чак бут кийим табылбай кыйналчу экен. 58-өлчөмдөгү алгачкы бут кийимин кийип көргөндө жаш баладай сүйүнгөнү эсимден кетпейт. Көзү өткөнчө анын бут кийимдерин тигип берип жүрдүм. Кийин музейден келишип биринчи бут кийимин алып кетишкен болчу.

«Дүйнөлүк бренд бут кийимдерди өзүндөй кылып жасайм»

Азыр Кудайыма шүгүр, долбоор жазып чоң суммадагы каражат утуп алып, баягы кичинекей “будка” чоң бут кийим тигүүчү цехке айланган. Менин эмгегимди билгендер Кыргызстандын булуң-бурчунан тапшырык беришет. Жарнама бербейм. Себеби өзүмдүн кардарларымдын тапшырыгынан башкага жетишпей калам. Дүйнөлүк бренд аталган «Адидас», «Найк» сыяктуу спорттук бут кийимдерден тарта классикалык бут кийимдерге чейин тапшырык беришет. Таза булгаарыдан жасалган үчүн сынына жана сапатына карап ыраазы болушат. Облустагы орган кызматкерлеринин атайын бут кийимдерин да мен жасап берем. Кудайым мага ырыскымды ушул иш менен берген экен. Ошого шүгүр.

«26 жашта үйлөндүм, беш балам бар»

Мүмкүнчүлүм чектелди деп мөгдүрөп үйгө отуруп калган жокмун. Жаштыгымдан шок элем. Эки таякты таянып алып кыздарга “свиданиеге” барчумун. Бир күнү коңшу айылдан сулуу кыз биздин айылга туугандарыныкына конокко келиптир деп угуп таанышууга бардым. Бир көрүп жактырдым. Сүйлөшүп, жакындан тааныштык. Нике буйруп 2002-жылы баш кошуп калдык. Мен анда 26 жашта болчумун. Абалымды көрүп баш тартпай түшүнүү менен кабыл алган жубайыма ыраазымын. Келинчегим Садыбакасова Чынара менден төрт жашка кичүү. Ортобузда 3 уул, 2 кызыбызды татыктуу тарбиялап келебиз. Келинчегим менин ишиме жардам берип, ар дайым жөлөп-таяп, колдоо көрсөтүп келет. Негизи жашоодо туура кыялданып, туура ойлонуп, жараткандын берген күнүнө шүгүр кылсаң баары жакшы болорун билем. Убагында жаштыкка салып ден соолугума кайгырсам, азыр баарына шүгүр кылам. Эмгегимдин үзүрү менен бир топ сыйлыктарга да жеттим. Ушул жашоомо ыраазымын.