Медреседен жогорку диний билимге карай: Кыргызстанда ислам билим берүү чөйрөсү кандай өзгөрүп жатат
Акыркы отуз жыл ичинде Кыргызстандагы диний чөйрө түп-тамырынан бери өзгөрдү. 1991-жылы өлкөдө болгону 39 мечит болуп, расмий ислам окуу жайлары таптакыр жок эле. Ал эми КМДБнын 2026-жылдын башындагы маалыматына ылайык, анын түзүмүндө 3,7 миңден ашуун мечит жана 217 диний билим берүү мекемеси менен борборлор иш алып барат. Алардын катарында 127 медресе, 73 окуу борбору, 14 институт, эки колледж жана бир Ислам университети бар.
Бирок диний системанын ыкчам өсүшү жаңы, кыйла татаал суроолорду күн тартибине чыгарды. Кыргызстандагы ислам билим берүүсүнүн деңгээли кандай? Имам кандай билимге жана жөндөмгө ээ болууга тийиш? Дин кызматкерлерин даярдоодо ханафий-матуридий салтынын орду кандай? Бул тармакка жаңы мыйзамдар кандай таасир этти?
Ушул жана башка суроолорго тарых илимдеринин кандидаты, дин маселелери боюнча эксперт Канатбек Мурзахалилов жооп берди.
– Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин исламдын коомдогу орду кандай өзгөрдү?
– Абдан олуттуу өзгөрдү. Ислам күнүмдүк турмушка кайра кайтып келип, коомдун маанилүү институттарынын бирине айланды.
Совет доорунда мамлекет диний уюмдардын ишмердүүлүгүн ырааттуу түрдө чектеп турган. Мечиттер менен медреселер жабылып, дин кызматкерлери куугунтукка кабылган. Натыйжада диний билим берүү жашыруун жүргүзүлгөн. Бирок ислам жоголгон жок. Ал үй-бүлөлүк каада-салттарда, күнүмдүк жөрөлгөлөрдө жана элдин эс тутумунда сакталып калган.
1943-жылдан тартып Орто Азия жана Казакстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы – ОАКМДБ иштеп келген. Анын курамына Кыргызстан мусулмандарынын казияты да кирген. Мамлекеттик саясат атеисттик бойдон калганы менен, расмий мусулман институттарына катуу көзөмөл алдында жана өтө чектелген деңгээлде иш жүргүзүүгө уруксат берилген.
Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин өз алдынча мусулмандардын дин башкармалыгын түзүү иши башталган. Кыргызстан мусулмандарынын казиятын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына – КМДБга өзгөртүү жөнүндө чечим 1991-жылдын октябрь айында кабыл алынып, юридикалык жактан 1993-жылы толук жол-жоболоштурулган.
Адегенде Юстиция министрлиги казияттын уставын ОАКМДБнын түзүмү катары каттаган. Кийинчерээк, 17-сентябрда, КМДБ өз алдынча диний уюм катары мамлекеттик каттоодон өткөн.
– Эмне үчүн мечиттер менен медреселердин саны көбөйгөнү менен дин кызматкерлерин даярдоонун сапаты жайыраак өстү?
– Анткени 1991-жылдан кийин диний билимге болгон коомдук суроо-талап өтө чоң болду. Калкыбызга мечиттер, имамдар, диний адабияттар, ажылык сапарга баруу мүмкүнчүлүгү жана балдарды исламдын негиздерине окутуу керек эле.
Бирок өлкө ичинде квалификациялуу окутуучулар, кыргыз тилиндеги окуу китептери жана бирдиктүү окуу программалары жетишсиз болгон.
Имараттарды куруу салыштырмалуу жеңил. Жер бөлүп, имарат куруп, ишин уюштурууга болот. Ал эми аалымдарды жана дин кызматкерлерин даярдоо – узак мөөнөттү талап кылган процесс. Бул үчүн методикалык база, китепканалар, классикалык эмгектердин кыргыз тилиндеги котормолору, илимий чөйрө жана жогорку квалификациялуу адистер керек.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында диний чөйрө көбүнчө табигый жол менен, системасыз өнүктү. Динден узак убакыт ажырап жашаган коом үчүн бул мыйзам ченемдүү көрүнүш эле.
Бүгүнкү күндө кырдаал өзгөрдү. Керектүү инфраструктура түзүлдү. Эми көңүл санга эмес, сапатка бурулуп жатат. Негизги маселе – окуу программаларынын мазмуну жана бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээли.
– Азыркы заманбап имам кандай болушу керек? КМДБ билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн эмне жасап жатат?
– Жакшы имам – көп китеп жаттап алган адам эмес. Эң негизгиси – диний булактарды туура түшүнүп, аларды элге жеткиликтүү түшүндүрүп, турмуштагы маселелер менен байланыштыра билүү.
Имамдарды даярдоонун негизин акыйда, фикх, тафсир, хадис таануу, ислам тарыхы жана араб тили түзөт. Бирок күнүмдүк турмушта адамдар имамга үй-бүлө, балдардын тарбиясы, миграция, карыз, тиричилик жана коомдук мамилелер боюнча ар кандай суроолор менен кайрылышат.
Ошондуктан имам кыргыз тилин, Кыргызстандын тарыхын, өлкөнүн мыйзамдарын, педагогиканын жана психологиянын негиздерин да билиши зарыл.
Ошондой эле өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегин так түшүнүшү керек. Имам дарыгерди, юристти же психологду алмаштырбоого тийиш. Анын милдети – диний түшүндүрмө берүү, ал эми зарыл учурда адамды тиешелүү адиске багыттоо.
Учурда КМДБ орто жана жогорку диний билим берүүнүн окуу программаларын бирдиктүү стандартка келтирүү боюнча иш жүргүзүп жатат.
Бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири – 2017-жылы Кыргызстан Ислам университетинин мамлекеттик лицензия алышы болду. Ошондон тарта университет расмий билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп, мамлекеттик үлгүдөгү дипломдорду бере баштады.
Башка диний окуу жайлары да акырындык менен окуу программаларын, окутуучулук курамын жана материалдык-техникалык базасын мамлекеттик талаптарга ылайыкташтырууда.
– Кыргызстандагы исламдык билим берүүдө ханафий-матуридий салты кандай орунду ээлеши керек?
– Ал негизги орунду ээлеши керек. Анткени ханафий мазхабы менен матуридий акыйда мектеби тарыхый жактан Борбор Азиянын диний маданияты менен тыгыз байланышта болгон. Андыктан дал ушул салт имамдарды жана диний окутуучуларды даярдоонун негизи болушу зарыл.
Бирок классикалык диний сабактар менен эле чектелүү жетишсиз. Келечектеги имам исламдын кыргыз элинин арасында кандайча жайылганын, Мавераннахрдын көрүнүктүү аалымдарынын мурасын жана ислам укуктук нормаларынын жергиликтүү каада-салттар менен өз ара байланышын жакшы билиши керек.
Ал светтик мамлекетте жашап, иштеп жаткандыктан, өлкөнүн мыйзамдарын жана мамлекеттик институттардын иштөө механизмин да түшүнүшү зарыл.
Кыргызстанда өзүнүн улуттук исламий мектебин калыптандыруу үчүн кыргыз тилиндеги сапаттуу окуу китептери, мыкты даярдалган окутуучулар жана жергиликтүү тажрыйбага негизделген илимий изилдөөлөр керек.
Чет өлкөлөрдүн окуу программаларын жөн гана көчүрүп же которуп колдонуу бул маселени чечпейт.
– Көптөгөн кыргызстандыктар чет өлкөлөрдөн диний билим алып келишет. Алардын билимин кантип натыйжалуу пайдаланууга болот?
– Биринчиден, чет өлкөдө билим алган бүтүрүүчүлөрдүн даярдык деңгээли ар кандай экенин түшүнүү зарыл. Түркиядагы теология факультети, Египеттеги университет же Пакистандагы медресе – бул таптакыр башка окуу программалары, окутуу усулдары жана диний салттар.
Алардын арасында жогорку деңгээлде даярдалган, Кыргызстанда окутуучу болуп иштеп, илимий изилдөө жүргүзүп жана диний билим берүүнү өнүктүрө ала турган адистер бар.
Бирок узак убакыт бою мамлекет менен КМДБда ким кайсы өлкөгө жана кайсы окуу программасы боюнча билим алууга кеткендиги тууралуу толук маалымат болгон эмес.
2025-жылы кабыл алынган жаңы диний мыйзамдар бул тармактагы тартипти өзгөрттү. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы токтому диний билимди чет өлкөдөн алуу тартибин так аныктады.
Эми чет өлкөгө окууга чыгуу үчүн жарандар жалпы орто билимди аяктап, алдын ала диний даярдык боюнча белгиленген талаптарды аткарышы керек.
Ошондой эле чет жакка чыгардан кеминде 14 календардык күн мурда Дин иштери боюнча мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүп, чет өлкөгө баргандан кийин консулдук каттоого турушу зарыл.
Мындан тышкары, кыргызстандык жарандарга сунушталуучу чет өлкөлүк диний окуу жайларынын маалымат базасын түзүү каралган.
Бирок эсепке алуу жетишсиз. Бүтүрүүчү мекенине кайтып келгенден кийин анын квалификациясын таануунун ачык-айкын механизми болушу шарт.
Ишке орношууда ал Кыргызстандын мыйзамдарын, өлкөнүн тарыхын жана мамлекет менен диндин өз ара мамилелеринин өзгөчөлүктөрүн да жакшы билиши зарыл.
– 2025-жылдагы мыйзам жана Министрлер Кабинетинин токтому диний билим берүү тармагында кандай өзгөрүүлөрдү киргизди?
– 2025-жылдын 21-январында кабыл алынган «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам диний уюмдардын, алардын борбордук башкаруу органдарынын жана диний окуу жайларынын укуктук макамын кыйла так аныктап берди.
Мурунку мыйзамга салыштырмалуу анда диний окуу жайларын түзүү жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү, окутуучуларга коюлуучу талаптар жана чет өлкөдө диний билим алуу маселелери кеңири жөнгө салынган.
Ал эми Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы токтому менен диний билим берүүнү уюштуруунун тартиби жөнүндө жобо бекитилди.
Документте окуу программаларына, окутуучуларга, материалдык-техникалык базага, санитардык шарттарга жана студенттерди эсепке алууга коюлуучу талаптар белгиленген.
Эми окуу программалары дин таануу экспертизасынан өткөрүлөт. Диний сабактарды окуткан мугалимдер өздөрүнүн квалификациясын тиешелүү документтер менен ырастоого милдеттүү. Каттоодон өткөн диний окуу жайларынан тышкары жеке тартипте диний билим берүүгө тыюу салынган.
Башкача айтканда, мамлекет мыйзамдардын аткарылышын, билим берүү талаптарын жана билим алуучулардын укуктарын көзөмөлдөйт. Ал эми КМДБ диний билимдин мазмунуна жана дин кызматкерлеринин кесиптик деңгээлине жооп берет.
Мурда диний чөйрөнүн өнүгүшү көбүнчө мечиттердин саны менен бааланчу. Азыр болсо бул жетишсиз.
Кыргызстандагы исламий билим берүүнүн келечеги окуу жайларынын санынан эмес, өлкө үчүн билимдүү, жоопкерчиликтүү имамдарды, окутуучуларды жана теологдорду даярдай аларыбыздан көз каранды.
