Таласта жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушу башталды
Жогорку сот
6 август

Таласта жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушу башталды

Талас облусунун Талас шаарындагы жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушуна мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Бакыт Курманалиев, Талас облустук сотунун төрагасы Эльярбек Абдимиталипов, Талас облусунун сотторунун судьялары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев жана мамлекеттик органдардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Өз сөзүндө Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушу өлкөдө жүргүзүлүп жаткан сот реформаларынын маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.

Ал акыркы жылдары президенттин колдоосу менен сот системасынын инфраструктурасын жаңылоо багытында ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын айтып, өлкөнүн бардык аймактарында жаңы сот имараттары курулуп, колдонуудагы имараттар капиталдык оңдоодон өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Төраганын айтымында, Талас шаарында курула турган жаңы Сот адилеттик үйүндө жергиликтүү соттор, Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгы, сот приставдары жана башка тиешелүү кызматтар бир имаратка жайгашып, өз ишмердүүлүгүн заманбап талаптарга ылайык жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Медербек Сатыев жаңы имарат биринчи кезекте жарандардын кызыкчылыгы үчүн кызмат кыларын белгилеп, сотко кайрылган ар бир адам үчүн ыңгайлуу, жеткиликтүү жана ачык-айкын шарттарды түзүүгө өбөлгө болорун билдирди.

Ошондой эле ал мезгил кутусун салуу аземи өлкөнүн сот системасын мындан ары өнүктүрүүгө болгон умтулуунун жана келечекке болгон ишенимдин символу экенин баса белгиледи.

Андан соң жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттуктоо сөз сүйлөп, сот системасын өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын маанисине токтолушту.

Расмий бөлүктөн кийин Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев жана иш-чаранын катышуучулары жаңы административдик имараттын пайдубалына мезгил кутусун салышты.

Иш-чаранын соңунда меймандарга жаңы Сот адилеттик үйүнүн архитектуралык долбоору тааныштырылып, курулуш иштеринин этаптары жана имараттын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди.

Жаңы Сот адилеттик үйүнүн курулушу сот адилеттигин жүзөгө ашыруу үчүн заманбап инфраструктураны түзүүгө, сот органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандар үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылууда.