Кыргызстандын мектептеринде1-класстын окуучулары үчүн дээрлик 64 миң бош орун бар
Сүрөт ачык булактардан алынды
6 август

Кыргызстандын мектептеринде1-класстын окуучулары үчүн дээрлик 64 миң бош орун бар

Кыргызстандын мектептеринде биринчи класска кабыл алуу үчүн 63 миң 835 орун бош калды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.

Биринчи класска кабыл алуу боюнча жалпы квота 193 миң 320 орунду түзөт. Учурда мектептерге 129 миң 485 бала кабыл алынды. Кароодо турган арыздар жок.

Бош орундардын эң көбү Ош облусунда калды — 15 миң 669 орун. Анын ичинен 12 миң 739 орун кыргыз тилинде билим берүүчү класстарга, 1 миң 649 орун өзбек тилдүү класстарга, 1 миң 272 орун орус тилдүү класстарга жана тогуз орун тажик тилдүү класстарга каралган.

Жалал-Абад облусунда 14 миң 305 орун бош, анын ичинен 11 миң 628 орун кыргыз тилдүү класстарга тиешелүү.

Чүй облусунда 12 миң 347 орун толтурула элек. Анын 7 миң 12си кыргыз тилинде, 5 миң 335и орус тилинде билим берүүчү класстарга арналган.

Баткен облусунда 5 миң 662, Ысык-Көл облусунда 5 миң 24, Ош шаарында 3 миң 364, Нарын облусунда 3 миң 243, Талас облусунда 2 миң 338 орун бош турат.

Бишкек шаарында 1 миң 883 орун калууда. Кыргыз тилдүү класстар дагы 1 миң 60 баланы, орус тилдүү класстар 823 баланы кабыл ала алат.