ЕАЭБ өкмөт башчылары экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерин талкуулашты
Министрлер кабинети
6 август

ЕАЭБ өкмөт башчылары экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерин талкуулашты

КР министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин (ЕӨАК) тар курамдагы жыйынына катышты.

Жыйындын алдында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын расмий тосуп алуу аземи жана биргелешкен сүрөткө түшүү иш-чарасы болуп өттү. Күн тартиби Биримдиктин алкагында экономикалык интеграцияны мындан ары тереңдетүүгө, тоскоолдуктарды жоюуга жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган кеңири чөйрөдөгү маселелерди камтыйт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышуучуларга куттуктоо сөзү менен кайрылды.

Ал өз сөзүндө Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинянды парламенттик шайлоодогу жеңиши жана өкмөт башчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, ага армян элинин жыргалчылыгы үчүн аткара турган жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.

Интеграциянын негизги милдеттерин белгилөөдө министрлер кабинетинин төрагасы Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун сөздөрүнө таянып, жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө, товарларды жүргүзүүдө тездетүүгө жана рынокко жеткиликтүүлүктү арттырууга багытталган бардык макулдашуулардын иш жүзүндө аткарылышын камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин Адылбек Касымалиев жабык форматтагы жыйынды алып баруу үчүн сөздү Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Төрагасы, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектеновго берди.

Белгилей кетсек, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынына ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары: Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Александр Турчин, Казакстан Республикасынын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы – Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышты. 

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйыны эртең, 7-августта улантылат. Күн тартибине Евразия экономикалык күн тартибиндеги он бештен ашуун маанилүү маселени кароо киргизилген.