Бишкек шаарындагы дарыканаларда түшүндүрүү жана профилактикалык рейд өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тескемесинин талаптарын аткаруу максатында Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан дарыканаларда рейддик-алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Иш-чара Бишкек шаарынын ИИББнын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, анын жүрүшүндө дарыканалардын жетекчилерине жана сатуучуларына психикага таасир этүүчү дары-дармектерди дарыгердин рецептисиз сатууга мыйзам тарабынан тыюу салынары тууралуу кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле дары-дармек каражаттарын сатууда мыйзам талаптарын так сактоо, мыйзам бузууларга жол бербөө жана алардын укуктук жоопкерчилиги боюнча эскертүүлөр берилди.
Мындай профилактикалык иштер калктын саламаттыгын коргоо, психикага таасир этүүчү дары-дармектердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында мындан ары да туруктуу негизде улантылат.
