видеодон алынган кадр
6 август
Бишкекте жол кырсыгынан беш жаштагы кыз жабыркады
Бишкектеги Сүйөркулов көчөсүндө 6-августта жол кырсыгы катталып, андан беш жаштагы кыз жабыркады.
Алдын ала маалымат боюнча, 2021-жылы туулган кыз жолду жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден эмес, башка жерден кесип өтүүгө аракет кылган.
Кызды Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа сүзгөн. Соккунун күчү менен ал жакын жүрүп өтүп бара жаткан Toyota Prius үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөгүнүн алдына ыргып кеткен.
Жабырлануучу тез арада Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна жеткирилген. Кыздын башы чайкалып, жамбаш сөөгү сынып кеткен.
Учурда укук коргоо органдары кырсыктын бардык жагдайларын тактоо үчүн текшерүү иштерин жүргүзүүдө.
