Кайрымдуулук фонду ымыркайларга жардам көрсөтүү боюнча Кыргызстан менен кызматташууда
"Эл-Ди-Эс Черитиз" кайрымдуулук фонду Кыргызстандын неонатологдорунун Ассоциациясы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен кызматташып, медицина кызматкерлерин жана медициналык колледждердин окутуучуларын окутуу боюнча масштабдуу долбоорду ишке киргизди. Бул боюнча “Караван-Инфо” редакциясы Кыргызстандын неонатологдор ассоциациясынын жетекчиси, медицина илимдеринин кандидаты, Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун ара төрөлгөн жана оорулуу ымыркайлар бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева менен маектешти.
- "Эл-Ди-Эс Черитиз" кайрымдуулук фондунун долбоору тууралуу айтып берсеңиз, кандай максатта ишке киргизилди?
- Биз бул фонд менен тыгыз байланыштабыз жана көп долбоорлорунун алкагында иштешүүдөбүз. Биринчи жолу 2018-жылы ымыркайларды жандандыруу жана төрөт үйлөрүндө иштеген медициналык кызматкерлерди колдоо боюнча долбоорунда иштештик. Ал долбоор Бишкек шаары, Чүй жана Жалал-Абад облустарын камтыган. Андан кийин ушул долбоорго кадам шилтедик. Максатыбыз – ымыркайларды жандандыруу, көзөмөлдөө боюнча орто билим берген медициналык колледждер менен иштешип, студенттерге жана мугалимдерге колдоо көрсөтүү, бул багыттагы маалыматтарды күчөтүү. Себеби ымыркайлар менен төрөт үйлөрүндө же башка саламаттыкты сактоо мекемелеринде көбүнчө медайымдар иштешет. Ымыркайлардын ден соолугу 80 пайыз медайымдардын салымы менен чыңдалат. Дарыгерлер көзөмөлдөйт, а медайымдар иштейт. Ошондуктан алардын билимин күчөтүп, колдоо көрсөтүү керек.
Жакында болгон тренингге Кара-Балта шаарындагы, Талас, Нарын, Чүй облустарындагы медициналык колледжден өкүлдөр келишти. Андан сырткары түштүктөгү: Ош, Жалал-Абаддагы бардык медициналык колледждерди колдоого алууга аракет кылдык. Келгендерди окутуу менен чектелбей, эң негизги стимулятивдик ыкмалар менен тааныштырабыз. Студенттерге стимулятивдик жабдыктар аркылуу жардам берүүгө умтулуудабыз.
- Ымыркайларга кандай учурда медицина кызматкерлеринин жардамына муктаж болушат?
- Төрөт үйлөрүндө өз убагында төрөлгөн ымыркайлардын 80 пайызынын акыбалы жакшы болот. Бул 40 аптага чейин төрөлгөн ымыркайлар. 37 аптага жетпей төрөлүп калгандар жардамга муктаж. Бирок өз убагында төрөлгөн ымыркайлардын дагы акыбалы эненин ден соолугуна же төрөт учурундагы кырдаалга жараша өзгөрүшү мүмкүн. Ошондо жардам беребиз. Эң биринчи жардам ымыркай төрөлгөн учурдан башталат. 20 мүнөттүн ичинде толук кандуу жардам беришибиз кажет. Андан соң дагы көзөмөлдөп турабыз, ара төрөлгөн же оор акыбалда төрөлгөн бала болсо, ага өзгөчө жардам керектелет.
- 2018-жылы биринчи долбоор ишке ашканын айттыңыз, андан кандай жыйынтыктар болду? Учурда бизде ымыркайлардын арасындагы өлүм көрсөткүчтөрү канчалык?
- Ымыркайлардын арасындагы өлүм көп себептен улам болот. Аны бир гана окутуу менен токтотуп коюу мүмкүн эмес. Көп жагдай эненин ден соолугуна байланыштуу жаралат. Биздин мамлекетте ымыркайлардын өлүмү бир калыпта турат, жылдан жылга азайтууга аракет жасап жатабыз. 2000-жылдан 2015-жылга чейин, анан 1990-жылдан 2015-жылга чейин 70 пайызга азайган. Биздин 2030-жылга чейинки негизги максатыбыз – жаңы төрөлгөн балдардын өлүмүн 11 деңгээлинде кармоо керек болуп турат. Бул 1000 ымыркайга 11 өлүм дегенди түшүндүрөт.
- Медицина кызматкерлерин кайра окутуу кандай жыйынтыктарды бериши мүмкүн, алар окуу жайынан алган билимди кайталап калышпайбы?
- Медицина тармагы өзгөчө тармак да. Бул тармакта иштеген адам күнүгө тажрыйбасын, билимин өркүндөтүп – өстүрүп туруусу керек. Себеби татаал оорулар, татаал абалдагы балдар келет. Дүйнө жүзүндө ымыркайлар тармагы өтө бат өзгөрүп турат. Дүйнөлүк изилдөөлөр күн сайын жаңыланат. Саламаттыкты сактоо тармагы негизи ошондой: дайыма чоң изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Анын баары чыгат, биз окуйбуз, өзгөрүүлөргө таянып, чоң клиникалар протоколдорду түзөбүз. Кесиптештерибиз ошонун негизинде иштешет.