Немис актеру Штефан Вёльк: «Кыргызстанда эң чоң таасирди элинен алдым»
5 июль

Немис актеру Штефан Вёльк: «Кыргызстанда эң чоң таасирди элинен алдым»

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ч.Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти жана башкы катчысы, Эл аралык элдик дипломатия ассоциациясынын вице-президенти, ASSOL эл аралык коомдук кайрымдуулук фондунун президенти Ассоль Молдокматованын «Дүйнө лидерлери» автордук рубрикасы

Штефан Вёльк – немис актёру, кесибине көпчүлүк адамдар карьерасын жыйынтыктаган куракта келген. Анын кино дүйнөсүнө карай жолу узакка созулган жана ийгиликке жетүүнүн классикалык баянына таптакыр окшошпойт. Актёрдук кесибине чейин ал официант, пицца жеткирүүчү, жаныбарлар приютунун кызматкери болуп иштеген, модель бизнеси жана аралаш мушташ менен алектенген. Мол тажрыйба топтоп алгандан кийин гана, ал тагдырын толугу менен өзгөртүп, актёрдук искусствого кетүүнү чечкен.

Көрүүчүлөр аны "Ягуар" (Netflix, режиссёру Карлос Седес) испан сериалындагы, "Пилот", "Цвета бури", "Последний приговор", "Операция “Туле”", "Спасение капитана Максимова" жана башка эмгектериндеги ролдору, ошондой эле Казакстанда тартылган жана буга чейинки карьерасындагы эң маанилүү эмгектердин бири болуп калган "Ботай – потерянные миры" жаңы эл аралык долбоору аркылуу таанышат.

Биз кино жөнүндө гана эмес, роль тандоо, Россия, Казакстан, Испания жана Италиянын киноиндустрияларындагы маданий айырмачылыктар, чыгармачылык эркиндик, эл аралык долбоорлор жана "Семь жизней" жана "Куда приводят мечты" тасмалары эмне үчүн ага чыныгы багыт жана ал кыялданган ролдорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бергени жөнүндө сүйлөштүк.

Биз дем алыш күндөрү, Штефан Кыргызстанга биринчи жолу келгенде жолугуштук. Урматтоо жана достук белгиси катары ага кыргыз элинин руханий күчүнүн, акылмандыгынын жана улуттук биримдигинин символу болгон улуу Манастын элеси чагылдырылган картина белек кылдым.

Кыргызстанга болгон сапарында кино жөнүндө гана сүйлөшкөн жокпуз. Биздин сүйлөшүүбүз алда канча тереңирээк болду. Тандоо, ички күч, кыялдын баасы, басып өткөн жолу үчүн жоопкерчилик, адамдык баалуулуктар жана эмне үчүн жашоону жаңыдан баштоого эч качан кеч эмес экендиги тууралуу ой жүгүрттүк.

Так ушундай баарлашуулар эс-тутумда узакка сакталат, анткени эки адамдын сүйлөшүүсүнүн артында дайыма чоңураак нерсе – инсандыктын тарыхы, ишеними жана жашоо жолу жатат.

Стефан, актёрдук кесипке кырк жашыңызда келгенсиз. Көпчүлүк адамдар отузга чейин ийгиликке жетпесе, кеч болуп калды деген ойду карманышат. А сиздин окуяңыз бул стереотипти бузат. Жашооңузду түп-тамырынан өзгөртүүгө эмне түрткү болду?

– Менимче, ар бир адам бир күнү тандоо алдында турат: башкалар күткөндөй жашоону улантуу же өзүнө кулак салуу. Мен билим алдым, иштедим, кадимкидей карьера курдум, бирок ичимде башка бир дүйнөгө болгон эңсөө дайыма бар болчу. Бул сезимди басууга болбойт. Албетте, көнүмүшкө айланган жашоону таштоо коркунучтуу болду, бирок өзүң каалаган нерсеге жете албай калганыңды билип жашоо андан да коркунучтуу. Бүгүн мен карьерамды кеч баштаганым үчүн тагдырга ыраазымын. Анткени кадимки турмуштук тажрыйбам мага адамдарды жана мен ойногон ролдорду тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Киного чейин көп кесиптерди алмаштырдыңыз. Алардын кайсынысы сизге жашоону көбүрөөк үйрөттү?

– Ар бири менин актёрдук билимимдин бир бөлүгү болгонун азыр түшүнүп жатам. Официант болуп иштөө адамдарды түшүнүүгө, пицца жеткирүү – жоопкерчиликке жана тартипке, жаныбарлар приюту – боорукердикке үйрөттү. Эч нерсе кокусунан болгон эмес. Бардык жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, байкоолор жүрүп-жүрүп актёр үчүн материалга айланат. Биз фантазия менен гана эмес, өз жашообуз менен да ойнойбуз.

Аралаш мушташ боюнча биринчи машыгууңуз эки кабыргаңыздын сынышы менен аяктаган экен. Көпчүлүк мындай окуядан кийин спорттон биротоло баш тартмак. А сиз уланттыңыз, эмнеге?

– Анткени мен бир маанилүү нерсени түшүндүм: алсыздыгыңа өкүнүү өмүр бою калат, а физикалык оору кайсы бир убакыттан кийин басылат. Ошол учурда мүнөз жеңиштерде эмес, баарын таштап салгың келсе да болбой, алдыга умтула берген учурларда жараларын түшүндүм. Кийинчерээк бул сабак актердук кесибимде да бир нече жолу жардам берди.

Аралаш мушташ сизге физикалык даярдыктан башка эмне берди?

– Биринчи кезекте тартип. Октагондо өзүңдү алдай албайсың. Ал жерде канчалык жакшы даярданганың жана өз чечимдериң үчүн жоопкерчиликти ала аласыңбы, дароо билинет. Бул принциптер актердук кесипке толугу менен дал келет. Камеранын алдында да кооз сөздөр менен жашынганга болбойт. Же чынчыл болосуң, же көрүүчү дароо жалганды сезет.

Жетилгендик тереңирээк ойногонго жардам берет деп айткансыз. Эмне үчүн?

– Анткени актер эмоцияларды ойлоп таппайт – ал аларды эстейт. Эгерде сүйүүнү, жоготууну, көңүл калууну, үмүттү өз башынан өткөрбөсө, анда ал мындай сезимдерди жөн гана окшоштуруп берүүгө аракеттенет. Жашоо тажрыйбасын эч бир актердук мектеп алмаштыра албайт.

«А зори здесь тихие…» тасмасына тартылганыңыз алгачкы чоң эмгектериңиздин бири болуп берди. Орус тилин дээрлик билбей туруп, Россияда иштөө канчалык кыйын болду?

– Бул чыныгы сыноого айланды десем болот. Алгачкы күндөрү котормочу аркылуу сүйлөшүп жаттым, тил тоскоолу чоң көйгөй жаратабы деп абдан тынчсыздандым. Бирок кино адамдарды бириктирүүнүн укмуштуудай касиетине ээ. Команданын баары бир идея үчүн иштегенде, өзгөчө бир тил пайда болот — сыйлоо, ишеним жана чыгармачылык тили.

Кесиптештер менен иштешип жатканда эмне сизге эң көп таасир калтырды?

– Алардын кесибине болгон мамилеси. Тарыхка болгон чоң урмат, укмуштуудай эмоционалдык берилгендик жана тасмада чындыкты гана көрсөтүү каалоосу. Бул абдан күчтүү таасир калтырды.

Сиз көбүнчө офицерлерди жана аскерлерди ойнойсуз. Мындай каармандарда сизди эмне кызыктырат?

– Мени адамдын ички дүйнөсү кызыктырат. Аскер формасы өзү эле инсан жөнүндө эч нерсе айтпайт. Каарман кантип чечим кабыл аларын, анын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын жана бул тандоонун ага канчалык кымбатка турганын түшүнүү алда канча маанилүү.

Аскер тасмаларында тартылып жатып, жеке өзүңүз эмнени түшүндүңүз?

– Согуш адам үчүн эч качан жеңиш алып келбейт. Ал фронттун кайсы тарабында болбосун, согуш ар дайым артында ооруну жана талкаланган тагдырларды калтырат. Мына ошондуктан, мындай тасмалар абдан маанилүү. Алар адамдарга тынчтыктын баасын эске салат.

Азыр кинодо көбүнчө жакшыга же жаманга кошо албаган каармандар тартылат. Сиздин оюңузча, абсолюттук жамандык барбы?

– Менимче, жамандык адам башка адамдан адамды көрбөй калганда башталат. Андан башкасы бир топ татаал. Ошондуктан мага жөнөкөй жооптору жок ролдор кызык.

Сиз Германияда, Австрияда, Россияда, Казакстанда тартыласыз. Ар кайсы өлкөнүн актёрдук мектептери канчалык айырмаланат?

– Албетте, ар кандай салттар жана иштөө ыкмалары бар. Бирок чынчылдык, кесипти урматтоо жана жакшы окуяны айтып берүү каалоосу бир эле улутка тиешелүү эмес. Ошондуктан эл аралык долбоорлор кесип эле эмес, жашоо үчүн да чыныгы мектепке айланат.

Азыр сиз Казакстанда тартылып жаткан «Ботай потерянные миры» эл аралык долбоорунун үстүндө иштеп жатасыз. Бул тасма сиз үчүн канчалык маанилүү болду жана ал сизге актёр катары эмнени ачты?

– Бул менин карьерамдагы эң маанилүү долбоорлордун бири. Быйыл март жана июнь айларында тартуу иштерин толугу менен аяктадык. Ушул тасманын аркасы менен биринчи жолу Борбор Азияга келдим. Баары ушундан башталды десем да болот. Бул жөн гана жаңы роль эмес, тарыхка, маданиятка жана таптакыр башка дүйнөгө чыныгы саякат. Мындай долбоорлор адамды кесипкөйлүк жактан гана эмес, ички дүйнөсүн да өзгөртөт. Алар жашоону башка бурчтан көрүүгө жана башка маданий салтта жашаган адамдарды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Сиз Россия, Казакстан, Испания жана Италия кинолорунда иштеп көрдүңүз. Бул киноиндустриялардын өзгөчөлүктөрү эмнеде деп ойлойсуз? Алардын ортосунда принципиалдуу айырмачылыктар барбы?

– Ар бир өлкөнүн өзүнүн чыгармачыл атмосферасы жана кинематографияга өзүнүн көз карашы бар. Россияда психологиялык тереңдик жана драма мектеби күчтүү. Казакстанда бүгүнкү күндө укмуштуудай чыгармачыл көтөрүлүү сезилип, эл аралык аренада ишенимдүү орун ээлеген масштабдуу долбоорлор көбөйүүдө. Испан киносу темпераменти, эркиндиги жана эмоционалдуулугу менен айырмаланса, италиялык кино – назиктиги, образдардын сулуулугу жана адам сезимдерин урматтоосу менен айырмаланат. Ошол эле учурда, өлкөсүнө карабастан эң маанилүү нерселер – көрүүчүгө чынчылдык, күчтүү окуя жана аны жараткан адамдардын таланты өзгөрүүсүз калат деп ишенем. Мына ушул нерсе бүткүл дүйнөдөгү чыныгы кинону бириктирет.

Азыр сиз Кыргызстандасыз. Өлкөбүз менен таанышууга жетиштиңизби? Ал кандай таасир калтырды? Сизди эмне өзгөчө козгоду?

– Сапарга чейин Кыргызстан жөнүндө анча-мынча кабарым бар болчу, бирок реалдуулук күтүүдөн ашып түштү. Биринчи кезекте жаратылышы таң калтырды – бийик тоолор, чексиз мейкиндиктер жана укмуштай таза аба. Бирок эң чоң таасирди адамдар калтырды. Алардын чын дилинен чыккан меймандостугу, салттарына болгон сый-урматы, боорукердиги жана мекенине болгон сүйүүсү өзгөчө атмосфераны жаратат. Дал ушул адамдар өлкөнүн чыныгы жүзүн түзөт. Мындай жолугушуулар ар кандай китептерге же тасмаларга караганда маданиятты алда канча тереңирээк түшүнүүгө жардам берет.

Кыргызстан адамзаттын абийири деп аталган Чыңгыз Айтматовдун мекени. Сиздин оюңузча, анын чыгармалары эмне үчүн ар кайсы өлкөнүн адамдарын бириктирип келет?

– Анткени Айтматов өз эли жөнүндө гана жазган эмес. Ал адам, адептик тандоо, ар-намыс, эс-тутум, жоопкерчилик жана сүйүү жөнүндө айткан. Бул темалар ар кандай маданияттагы адамдарга түшүнүктүү. Улуу адабият ар дайым убакыттын жана мамлекеттик чек аралардын чегинен чыгат.

– Сиз кайсы ролду ойноону кыялданасыз?

– Мени ар дайым реалдуу тарыхый инсандар кызыктырган. Эң татаал адептик тандоого туш болуп, башкалардын тагдырын өзгөрткөн чечимдерди кабыл алган адамдар. Мындай ролдор үчүн чоң ички эмгек талап кылынат. Кыялымдагы ролдорго келсек, мени терең таасирленткен эки тасманы атап кетким келет: Уилл Смит менен «Семь жизней» жана Робин Уильямс менен «Куда приводят мечты». Мына ушундай тасмаларда ойноону кыялданмакмын.

Жасалма интеллект кинодо активдүү пайда болууда. Ал актёрду алмаштыра алабы?

– Ал көптөгөн технологияларды алмаштыра алат, бирок эч качан адамдын жан дүйнөсүн алмаштыра албайт. Чыныгы эмоцияларды программалоо мүмкүн эмес. Адам бар кезде тирүү искусствого болгон муктаждык да болот.

Сиз жеке жашооңуз тууралуу дээрлик эч нерсе айтпайсыз. Эмне үчүн?

– Анткени мен көрүүчү актёрду аткарган иши боюнча баалашы керек деп эсептейм. Жеке жашоо адамга таандык, ал эми чыгармачылык – элге. Мен үчүн бул чек араны сактап калуу абдан маанилүү.

Бүгүн сиз үчүн ийгилик эмнени билдирет?

– Сүйүктүү ишиң менен алектенүү, эртең менен ойгонгондо өзүң тандаган жашоону жашап жатканыңды сезүү. А калган нерселер буларды толуктап гана турат.

Бул сапарыңыздан кийин сизге кыргыз тасмасында же Кыргызстанга байланыштуу эл аралык кино долбоорунда тартылуу сунушталса, макул болосузбу?

– Албетте. Мен үчүн кино – бул жаңы маданияттарды билүүгө жана адамдарды бириктирген окуяларды баяндоого мүмкүнчүлүк. Эгерде күчтүү сценарий жана кызыктуу роль пайда болсо, мындай долбоордун бир бөлүгү болууга чоң кубаныч менен макул болом. Кыргызстандын бай тарыхы, жеке маданияты жана дүйнө таанышы керек болгон көптөгөн окуялары бар.

Штефан, ойлоруңуздун тереңдиги, чынчылдыгы жана ачык сүйлөгөнүңүз үчүн рахмат. Сизге жаңы жаркын ролдорду, шык-демди жана чоң чыгармачылык жеңиштерди каалайм.

– Мен да, Ассоль, алдыдагы маанилүү сапарыңызга карабастан, биздин жолугушууга убакыт таап, мындай терең жана мазмундуу диалог өткөргөнүңүз үчүн сизге ыраазычылык билдирем. Бул мен үчүн абдан баалуу болду.