Гүлсүн Бостонкулова, ырчы: «Тракты жанынан көргөндө коркчумун, азыр айдап жүрөм»
26 март

Гүлсүн Бостонкулова, ырчы: «Тракты жанынан көргөндө коркчумун, азыр айдап жүрөм»

Бул айым убагында сахна жылдызы эле. Ата жолу менен чыгармачылыкта жүргөн ырчы кыздын жагымдуу ырларын сиз деле угуп жүргөнсүз. Учурда элдин шары менен бала кезинен кыялданган Америкага кетип, ал жакта трак айдап иштеп жүрөт. Гүлсүн айымдан учурдагы жашоосу тууралуу маек алдык.

– Гүлсүн айым, азыр Америкада жашап-иштеп жүргөн экенсиз, ал жакка кетүү чечимин качан кабыл алдыңыз? Бул чечимдин себеби эмнеде болду?

– Мен эмнегедир бала кезимден эле Американы кыялдана берчүмүн. Өзүм бийик-бийик үйлөрдү жакшы көргөндүктөн ушундай чоң шаарларда  жашагым келчү. Кантип барам, качан барам билбейм, бирок Америкага барам эле дей берчүмүн. Ошондуктан мен азыр балдарыма, ини-сиңдилериме «чоң-чоң максаттарды койгула, ал сөзсүз ишке ашат» деп айта берем. Кийин визага тапшырып койдум. Эки жылдын ичинде кетсем керек деп ойлогом. Бир жолу эле ойдо жок жерден апам экөөбүз курортто эс алып жүрсөк, Таалай деген жездем: «Биз Америкага кетип атабыз, барасыңбы?» деп телефон чалып калды. Ошол кезде Мексика аркылуу агылып кетип атышпады беле, биз да алардын агымы менен бир ай дегенде Америкага кирип бардык. Өзүм ага чейин эле чет өлкөлөргө көп чыгат элем, Америкага да барам деген ишеним бар эле. Кудайдын колдоосу менен минтип келип калдым.

– Мексика аркылуу барууну кооптуу жол дешет го, кандай кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга туш болдуңуздар?

– Жакшы эле тоскоолдуктар болду. Ошолорду татыктуу басып өтсөм алдыда мени жакшы жашоо күтүп атканын билип ал сыноолорго сынган жокмун. Мага эң чоң стресс жараткан окуя - сумкамдын жоголушу болду. Мексикага киргенибизге 15 күндөй болгон. Бир күнү иним, келиним үчөөбүз көчөдө басып баратсак эле колумдан сумкамды жулуп кетишти. Алар туристтердин эсебинен мындай жол менен акча табуу жагынан профессионал болуп бүтүшүптүр. Ушунчалык шамдагайлык менен алды, ким алып, каякка житип кеткенин да байкабай калдык. Кыйкырып эле ары-бери чуркап калдык. Полицияга кайрылдык. Бирок пайда чыкпады. Андайлар табылбайт экен.

– Сумкаңыздын ичинде эмнелер бар эле?

– Болгон дүйнөмдүн баары сумкамда эле. Долларды, Мексиканын акчасы болуп жалпы 4-5 миң доллардай акча бар эле, кредиттик карталарым, косметикаларым, кыргыз паспортум. Дагы жакшы, акылдуулук кылып загран паспортумду отелдеги чоң сумкама калтырып койгон элем. Ошол жерден эле инимдин телефонунан чалып карталарымды блоктотуп калганга жетиштик. Бирок өзүм эчтекеси жок калдым. Албетте, ыйладым, стресс болдум. Анан кайра жеңилинен бергенине тобо кылып өзүмдү колго алдым. Болбосо Мексика абдан криминалдуу өлкө эмеспи, туристтерди атып кеткен, сабап кеткен учурлар күндө эле болот да. Ошондой кырсыктарга кабылбаганыма шүгүр келтирип, инимден акча алдым, Кыргызстанда запаста акчаларым бар эле, аларды которттум. Тамак-аштан үнөмдөп атып жеткирип, Америкага өткөндө жанымда акыркы 10 долларым калыптыр.  Эң негизгиси аман-эсен өтүп алдык.

– Америкага өткөндөн кийин деле дароо эле май көл, сүт көл жашоо башталып кетпесе керек?

– Албетте. Америкадагы алгачкы күндөр өзүнчө тарых. Ал тууралуу чоң китеп жазса болот. Биз алгач Чикагого бардык. Дагы жакшы, ал жакта инилерим бар, ошолор тосуп алды. Мен документтерим бүткөнгө чейин Ислам деген инимдин үйүндө жашап турдум. Бул жактан барган ар бир кыргыз сөзсүз жеткирүү кызматында иштейт. Алар сыяктуу мен деле доставкага чыктым. Бирок Чикагонун суугу жаккан жок. Үч ай иштегенден кийин Лос-Анжелеске кеттим. Бул жакта кыш болбойт. Климаты, кооздугу баары жакты.    

– Азыр көнүп калыпсыз да. Негизи Американын жашоосун жомоктогудай элестетет эмеспизби. Сиздин элестетүүңүз менен реалдуулук дал келдиби?

– Ооба, мен деле жомоктогудай элестеткем. Кооздугу чындыгында ошондой. Бирок ошол кооздук үчүн ошончо акча төлөшүң керек. Ал үчүн тытынып иштеш керек, Америкада бир күн иштебесең ачка каласың. Дароо эле көнүп кеттим деп деле айта албайм. Тил жагынан алсак, кыйынчылык деле болгон жок. Анткени англис тилин мектепте жакшы окуп, кийин курстарга деле көп баргам. Анан саякаттарга көп чыкчумун дебедимби, ошондо практика жүзүндө колдонуп эле жүрчүмүн да. Документтеримди чогултканга чейин бир аз кыйынчылыктар болду. Анча-мынча ыйлактап, кайра кетким келген учурлар болду. Бирок ушунча келген соң кантип кетип каласың? Максаттарыма жетиш үчүн өзүмдү колго алып, тытынып иштеп жүрүп көнүп кеттим. Келгениме эки жылдай болуп калды, азыр Кудайга шүгүр, менде баары жакшы.  Көпчүлүк кыргыздардай эле трак айдап иштейм.

– Аял киши үчүн трак айдап иштөө оор эмеспи?

– Мен Кыргызстандан келгенде эле трак айдайм деп келгем. Бирок шашпадым. Келгенден кийин документтеримдин баарын тактап, керектүү ар бир тепкичти басып өтүп, моралдык жактан даяр болгонумду сезгенде анан трактын окуусуна окудум. Мен элестеткендей оңой эмес экен. Ошондой болсо да аракет кылып тесттин 1200 суроосуна даярдандым. Экзаменде ошонун ичинен 125 суроо келди. Тест го орусча болду, мындан тышкары тракттын ар бир деталын англисче жаттап, ал сынактан да ийгиликтүү өтүп кеттим. Баарынан кыйыны – тракты туура токтотуу. Адам баласынын колунан келбеген иш жок го негизи, эң негизгиси каалоо эмеспи. Анын сыңарында каалоом күчтүү экен, аны да үйрөндүм. Башында тракты жанынан көргөндө коркчу элем, азыр айдап жүрөм, Кудайга миң мерте шүгүр.

– Ырларыңыз кантти? Ал жакта чыгармачылык менен алектенүүгө шарт барбы?

– Чыгармачылык менен алектенүүгө деле шарт бар, албетте акчаң болсо. Ал үчүн аранжировка жаздыруу үчүн башка штатка барыш керек, ал жакка кетип калсаң жумушуң токтоп калат дегендей. Ошондуктан мен азыр чыгармачылыкты токтотуп турам.

– Кайсы учурларда сахнаны сагынасыз?

– Сахнаны ар дайым эле сагынам. Жан дүйнөм сахна деп турат, ырдагым келет. Майрамдарда, корпоративдерде кыргыздар чогулган жерлерге барып ырдап энергия алып, бугумду чыгарып келем. 

– Америкада алдыга койгон максаттарыңыз кандай?

– Максаттарым көп. Бирок максаттарымды, пландарымды алдын-ала айтпайм деген принцибим бар.Эгер айтсам ишке ашпай калат деген ишенимим бар. Буюрса, ишке ашканда айтайын.

– Макул, маегиңизге рахмат!