Таласбек Акылбеков: Үйдөн чыкпай туруп жакшы киреше табууга болот
АКШ президенти Дональд Трамп тарыхта биринчи жолу өлкөдө стейблкоиндерди жөнгө салуу боюнча федералдык мыйзамга кол койду, ал GENIUS Act деп аталат. Кол коюу аземи 18-июлда Ак үйдө өттү. Мамлекет башчысы бул кадамды "интернет пайда болгондон берки каржы технологияларындагы эң чоң революция" деп атап, мыйзам доллар менен камсыздалган стейблкоиндердин зор потенциалын ишке ашыруу үчүн так нормативдик базаны түзөрүн баса белгиледи.
– GENIUS Act мыйзамына кол коюу дүйнөлүк криптовалюта индустриясы үчүн эмнени билдирет?
– GENIUS Act мыйзамына кол коюу Америка бул маселеге чекит койгонун билдирет: Дональд Трамптын келиши менен штаттар криптовалюта индустриясынын борборуна айланат жана Америка чындап эле крипто тармагынын өзөгү болуп калат.
– Эмне үчүн АКШ жөнгө салууну биткоин же эфирден эмес, стейблкоиндерден баштады?
– АКШ жөнгө салууну стейблкоиндерден баштады. Стейблкоин деген эмне? Бул долларга байланган катуу, туруктуу монета, башкача айтканда, бардык туруктуу монеталар долларга "байланган". Биткоинди жөнгө салуу мүмкүн эмес. Көптөгөн адамдар криптоиндустрияда чоң акча табышат, болгондо да кирешенин көбүнө салык салынбайт — баары жашыруун түрдө болот. Ал эми мамлекетке салык керек, ошондуктан алар криптовалютадан акча тапкандарга салык салуу үчүн мыйзам киргизип жатышат. Бул жөнгө салууну каалаган банктарга жана бийликке тармакты ачык-айкын жана түшүнүктүү кылат. Эгер процессти токтотуу мүмкүн болбосо, аны жетектөө керек. Америка ушинтип чечти: токтотуу мүмкүн эмес, демек, салык алуу үчүн жөнгө салуу керек.
– Жаңы мыйзамдын доллардын курсуна жана доллар менен камсыздалган санариптик активдерге тийгизген таасирин кандай баалайсыз?
– Стейблкоиндердин аркасында доллардын дүйнөлүк каржы экономикасына тийгизген таасири күчөйт, анткени бардык стейблкоиндер долларга байланган. Мунун эсебинен доллардын эл аралык таасири өсүүдө. Стейблкоиндер чек ара аркылуу которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет жана көптөгөн америкалык банктар өз позицияларын жоготуп жатканына тынчсызданып, өздөрүнүн стейблкоиндерин киргизүүнү каалашууда. Дүйнө криптобанктарга өтүп, таасир криптовалюталарга карай жылып баратат.
– АКШда стейблкоиндер жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышы Кыргызстандын экономикасына таасир эте алабы?
– Кыргызстан дагы бул багытта жылып жатат. Бизде өзүбүздүн стейблкоин жөнүндө мыйзам иштелип жатат. Менимче, бул экономикага жакшы таасир этет. Чанпэн Чжао криптовалюта жаатында биздин Президенттин расмий кеңешчиси болуп саналат. Биздин саясат заманбап талаптарга жооп берет жана бул экономикага да, жалпы өлкөгө да оң таасирин тийгизет.
– Кыргызстанда стейблкоиндер жана жалпысынан криптовалюталар канчалык дегээлде жайылган?
– Эл аралык бизнес менен алектенген адамдар акча которууда кыйынчылыктарга туш болушат. Алардын көбү стейблкоиндерди, мисалы USDTди колдонуп жатышат. Банк системасынын ыңгайсыздыгынан жана Россияга каршы санкциялардан улам (биздин ишкерлер Россия жана Кытай менен активдүү соода кылышат) алар которууларды USDT аркылуу жүргүзүшөт. Түшүнгөндөр буга чейин эле ушул жакка багыт алышкан. Өнүгүү азырынча тездик менен болбосо да, жүрүп жатат. Бул тоноочу комиссияларсыз жана жөнгө салуучулардын кысымысыз ишке ашкан ыңгайлуу которуулар. Ошондуктан, адамдар санкцияларды четтеп өтүп, стейблкоинге келип жатышат.
– Кыргызстандын банк системасы үчүн криптофинанстардын популярдуулугунун өсүшү коркунучпу же мүмкүнчүлүкпү?
– Бизде криптобанктар жөнүндө мыйзам киргизилип, криптобиржа ачылды. Банк системасы инерттүү бойдон калууда. Эгерде банктар болуп жаткан окуяларга көңүл бурбаса жана аракет кыла баштабаса, алар жок болуп кетиши мүмкүн. ChatGPTден 2030-жылга чейинки банктардын келечеги жөнүндө сурап көрсөңүз, баары криптога өтөөрү айтылат. Яндекс.Таксинин мисалын караңыз — мурда көп такси фирмалары бар болчу, азыр бир монополия калды. Же MБАНК — тиркеме аркылуу адамдарга кызматтарга толук мүмкүнчүлүк берген необанк. Бул Кыргызстандагы эң кичинекей банктардын бири болчу, бирок биринчилерден болуп санарип форматка өтүп, өстү.
– Кыргызстанга криптовалюталарды өз алдынча жөнгө салуу керекпи? Кайсы өлкөлөрдүн тажрыйбасын алса жакшы болот?
– Кыргызстан сөзсүз түрдө криптовалюталарды жөнгө салышы керек. БАЭнин, Дубайдын, АКШнын тажрыйбасы бар. Президентибиз мыкты адистердин бири Чанпэн Чжаону кеңешчиси болууга чакырды, анын шарапаты менен бул тармакта сапаттуу мыйзамдар пайда болот.
– Кыргызстандын өзгөчөлүгүн эске алганда, инвесторлор үчүн кайсы криптовалюталар эң келечектүү деп ойлойсуз?
– Келечектүү криптовалюталарды капиталдаштыруу кандай бааланып жатканын эң ири платформа болгон CoinMarketCap сайтынан байкоого болот. Тобокели эң аз болгон алдыңкы ондуктагы криптовалюталарды тандоо – ишенимдүү. Аны менен 3–5 жылдын ичинде капиталды эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүн. Тобокелдүүрөөк долбоорлорду деле тандоого болот, бирок конкреттүү криптовалютанын маңызын жана анын пайдасын түшүнүү керек. Ким тобокелчиликтен корксо, лидерлерге инвестиция салсын, ошондо сөзсүз киреше табат.
– КРда акча которуу жана эл аралык соода тармагында стейблкоиндердин мүмкүнчүлүгүн кантип колдонсо болот?
– Мүмкүнчүлүк абдан чоң. Бул которуунун эң ыңгайлуу формасы. Тармактын ичинде комиссиялар минималдуу. Бул күн сайын ири суммалар кайдан келди, кимге, эмне үчүн деген суроолорсуз которулуп турган бүтүндөй бир индустрия. Банктар буга тынчсызданып жатышат. Бардык ишкерлер стейблкоинге өтүүдө жана америкалык жөнгө салуучулар муну көзөмөлдөө үчүн мыйзамдарды чыгарып жатышат.
– Кыргызстандын жарандары үчүн стейблкоиндердин популярдуулугунун өсүшү кандай тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү алып келет?
– Кыргызстандын жарандары үчүн тобокелдиктер дээрлик жок. Акча системалары товар алмашуудан — алтынга, кагаз акчага, пластикалык карталарга, санарип капчыктарга карай өнүгүүдө. Кийинки этап - криптовалюта. Каалайбызбы, жокпу, баары бир сөзсүз болчу нерсе.
– Кыргызстанда улуттук стейблкоиндин пайда болушун күтсө болобу? Бул канчалык маанилүү?
– Ооба, Кыргызстандын алтынга байланган өзүнүн стейблкоини болот. Биз эгемендүү өлкөбүз. Союз тарагандан кийин биринчилерден болуп улуттук валюта — сомду киргизгенбиз.
– Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу жана билим берүү тармагында блокчейн технологияларынын келечегин кандай баалайсыз?
– Чанпэн Чжаонун Кыргызстанга келиши менен мамлекеттик башкарууга жана билим берүүгө блокчейн киргизиле баштайт. Чиновниктер дүйнө кайсы багытта бара жатканын жана бул технологиялар менен кантип иштөөнү түшүнүшү үчүн азыртадан эле билим берүү программалары иштелип чыгууда.
– Кыргызстандагы криптовалюта жана финтехке кызыккан жаш адистерге эмне кеңеш бересиз?
– Шамал кайсы жактан жортуп жатканын сезип туруңуз. Өзүңүздү өнүктүрүүгө инвестиция салыңыз. Баардык маалыматтар ачык жана жеткиликтүү. Web3 технологиялары, крипта – мунун баарынан үйдөн чыкпай эле акча тапса болот. Эң татаал жумуш – өзүңдүн үстүңдөн иштөө. Өнүгүңүз – ошондо каржылык тагдырыңызды өзүңүз тандап каласыз.
