Бактыгүл Мамытбекова: Балага сүйлөөнү үйрөтүү гаджеттердин эмес, ата-эненин милдети
Сүйлөөсү кечеңдеп жаткан балага кантип жардам берүү керек, логопед менен онлайн иштешүү мүмкүнбү жана үндү коюуга эмнеге шашылбоо керек – бул тууралуу “Колдогу кол” (“Рука в руке”) ресурстук борбордун логопеди Бактыгүл Мамытбекова айтып берет. Ал тилди өнүктүрүү – бул көбүнчө башкы роль ата-энелерге тийген командалык иш деп эсептейт.
– Логопед аутист, психологиялык өнүгүүсү кечеңдеген (ЗПР) жана башка өнүгүүсүндө өзгөчөлүгү бар балдарга жардам бере алабы?
– Логопед РАС жана ЗПР бар балдар менен сөзсүз түрдө иштешет, айрыкча эгерде аларда тил жана коммуникация жаатында көйгөй бар болсо. Бирок иш үндү коюу менен башталбай турганын билүү керек. Мындай балдарда көбүнчө логопеддик машыгууларга зарыл базалык жөндөмдөр калыптана элек болот.
Биринчи этапта биз байланышты калыптандырабыз, сөздү түшүнүү деңгээлин жогорулатып, ич ара байланышка мотивация беребиз. Ошондон кийин гана сүйлөөнү үйрөтүүнү баштайбыз, зарыл болсо, тыбыштарды коюуга өтөбүз.
Командалык ыкма колдонулганда иштин натыйжалуулугу бир топ жогору болот: ар бир адис өзүнө тиешелүү бөлүктү алып барат, ал эми ата-энелер активдүү катышып, сунуштарды аткарат.
Ата-эне процесске аралашса, эң татаал учурларда да көп нерсеге жетишүүгө болот.
Ошондуктан, биздин "Колдогу кол" борборубузда ата-энелерге "Үй-бүлө жана бала" программасынын курсунан өтүүнү сунуштайбыз. Ал өз балаңызды жакшыраак түшүнүүгө, аны менен байланыш түзүүгө, сабактарга жана күнүмдүк жашоодогу баарлашууга тартууга жардам берет. Мен өзүм да бир кезде бул программадан өткөм — ал мага уулумду тереңирээк түшүнүүгө жана аны менен натыйжалуу иштей баштоого жардам берди.
– Логопед менен онлайн режиминде иштесе болобу? Бул канчалык натыйжалуу?
– Онлайн сабактар боюнча ата-энелерде барган сайын көп сурап башташты, мындай зарылчылык логопедге муктаж баланы алып барып – алып келип турууга мүмкүнчүлүк жок учурда жаралат. Мисалы, башка шаарда жашоо, адистердин жоктугу же үй-бүлөнүн тыгыз графигине байланыштуу.
Онлайн формат өзгөчө пандемия учурунда актуалдуу болуп калды. Ал туура уюштурулса, жандуу сабактардан кем эмес натыйжалуу болушу мүмкүн. Эгерде балада негизги көндүмдөр калыптанган болсо, онлайн иш өзгөчө натыйжалуу болот: ал көңүл бурууну, көрсөтмөлөрдү аткарууну билет, ал эми ата-эне тапшырмаларды аткарууга жардам берет, тартипти колдойт жана чөйрөнү ылайыкташтырат.
Адис алдын ала материалдарды даярдайт, татаалдык деңгээли боюнча тапшырмаларды тандайт, ачык визуалдык кеңештерди колдонот жана так көрсөтмөлөрдү берет.
– Логопедде алгачкы диагностика кандай өтөт?
– Адатта, баланын жашына жана суроо-талабынын татаалдыгына жараша 30 мүнөттөн 60 мүнөткө чейин созулат.
Алгач ата-энелер анкетаны толтурушат: баланы кайсы адистер карап чыгышкан (милдеттүү түрдө: педиатр, невролог, ЛОР, окулист, сурдолог), даттануулар барбы, баланын сүйлөө чөйрөсү кандай, кимдер менен баарлашат, кимдер карайт, бир туугандары барбы ж.б.
Диагностика учурунда мен баланын кантип сүйлөп жатканын, кайрылган сөздү түшүнөбү, сүйлөмдөрдү түзөбү, кандай тыбыштарды колдонорун байкайм. Анын өзүн кандай алып жүргөнүн көрөм: отурабы, байланышка чыгабы, көзгө тике карай алабы.
Мен үчүн баланын кандай сүйлөөрү гана эмес, айлана-чөйрөсү менен кандай байланышта болоору да маанилүү.
– Бала канча жашка чейин сүйлөбөсө, тынчсыздануу керек?
– Негизи эки жашка чейин баланын сөздүк кору 200–400 сөзгө жетет. Эгерде 2–2,5 жашында айтылган сөздөрдү түшүнбөсө жана сүйлөбөсө, балдар неврологуна жана логопед-дефектологуна кайрылуу зарыл.
– Балдардын сүйлөөсүн өстүрүүдө ата-энелер кайсы каталарды эң көп кетиришет?
– Эң кеңири тараган ката – кыймылдуу жана өнүктүрүүчү оюндардын жетишсиздиги. Бала канчалык аз кыймылдаса, мээси ошончолук начар өнүгөт – демек, сүйлөөсү дагы.
Ошондой эле балдар жандуу баарлашууга барган сайын аз тартылууда: аларга гаджеттерди эрте карматып, мультфильмдерди коюп беришет. Бул чыныгы сүйлөөгө болгон кызыгууну төмөндөтөт, көңүл бурууну бузат жана жакындары менен болгон байланышты начарлатат.
Эсиңизде болсун: мультфильмдер жана телефондор сүйлөөгө үйрөтпөйт. Алар даяр сүрөттү жана үндү берет, бирок жооп талап кылбайт. Сүйлөө диалогдо, бала жандуу сүйлөөнү угуп, көзгө карап, эмоцияларды сезгенде калыптанат.
Мындан тышкары, ата-энелер көп учурда бала үчүн баарын жасашат, анын каалоолорун алдын ала билишет. Натыйжада, балада сүйлөөгө муктаждык пайда болбойт – аны баары бир түшүнүшөт. Мотивация жана суроо-талап болбосо, балага сүйлөөгө аракеттенбейт.
