Гүлайым Искакова: Эч убакта “колумдан келбейт” дебе, колуңдан келбеген ишти үйрөнгүчө жаса
30 сентябрь

Гүлайым Искакова: Эч убакта “колумдан келбейт” дебе, колуңдан келбеген ишти үйрөнгүчө жаса

Гүлайым Искакова Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы эки кабат тиричилик үйүн (Дом Быта) иштетет. Ал бизге ишкерчиликтин оош-кыйышын, сыймыгы менен коркунучун, максатка жетүү үчүн эмнелер керектигин айтып берди.

– Мен бул жерге 1984-жылы тигүүчү болуп жумушка орношком. Союздун убагында мында күрүлдөр иш жүрүп турчу. Бир жолу кирген бойдон чыкпадым. Кийин, союз тарагандан соң имарат бош калды. Менин жаштыгым өткөн жерди таштагым келбеди. 1991-жылдын декабрь айында имаратты иштетейин деп алдым. Мурда союз маалында иштеген топ менен калдык. Бирок башында кыйынчылык көп болду. Жумушчулар чекесинен Россияга кете башташты. 90-жылдарда өлкөдө ошондой абал түзүбөдүбү, жергиликтүү орустар этникалык мекенине кайтууну туура көрүштү. Аны ээрчиген кыргыздарыбыз да жакынкы мамлекеттерден иш издешти. Эки – үч гана жумушчум калган, азыр алар пенсияга чыгып кетишти. Кээ күндөрү эч ким жок имаратты жалгыз кайтарып отурган да кездерим болду. Кайра 2000-жылдан тартып жумушчулар келишип, иш толук кандуу башталды.

– Имараттын көрүнүшү так эле мурдагы бойдон калганы да бир сырды билдиреби? Балким, сиз ошол жаштыгыңыздын үзүмүн ушул жерден издейсиз дегендей? 

– Тиричилик үйү союз маалында кандай болсо азыр да так ошондой көрүнүштө. Имараттын ичине кирген адам өзүн 80-жылдарда жүргөндөй сезээри анык. Анткени ошол жылдардагы “Чачтарач”, “Фотосалон”, “Тигүү цехи”, “Бут кийим оңдоочу жай” жазуулар ошол бойдон сакталган. Анан калса аурасы да өткөн кылымдын эстетет. Мен бир да кызматты жаппадым, тескерисинче баарын мурда кандай болсо ошол калыбында алып кетүүнү максат кылдым. Анткени, бул дагы бир тарых.

– Имаратты иштетип баштаган убагыңызда канча жашта элеңиз?

– 30 жашта болчумун.

– Жаш болгон экенсиз, коркунуч, чочулоо болгон эмеспи?

– Балким, так ошол жаштыгым жардам берди окшойт, курч болчумун, же балким, тигүү тармагындагы көп жылдык тажрыйбама таяндымбы, артка кетенчиктөө болгон эмес. Ишти баштап алгандан кийин гана жүрүшүп кетеби, жабылып калбайбы деп сарсанаа болгом.

Менде ошол кезде эле тажрыйба жетиштүү болчу. Эки кесибим бар, бири так ушул тиричилик үйү боюнча, экинчиси экономист. Бул жерге биринчи экономист болуп жумушка орношком. Жыл айланбай пландык бөлүмдүн башчысы болдум. Союз тараганга чейин тиричилик үйүнүн бардык тармагында иштедим. Үч балам анда кичинекей болчу. Жумушка чуркап, кайра үйдүн тиричилигине жетишип жакшы эле чарпылдым. Дагы жакшы кайненем балдарымды карашканга жардам берди. Жолдошум жанымда жүрдү, бир туугандарымдын колдоосун сездим. Ушулардын баары мени чыйралтып, максатыма жетүүгө өбөлгө болушту. Жумушчулардын баары кетип, имаратты кайтарган учурум болгон дебедимби. Ошол кезде бир мүнөт да баары жакшы болоорунан шектенген эмесмин. Эл кайра бир калыптагы жашоого түшөөрүнө, турмуш оңолооруна ишеним күч эле.

– Качан ишкерчиликтеги мээнетиңиз мөмөсүн бере баштады? 

– 2000-жылдан кийин баары калыбына келгенсиди. Адамдар кайра туулуп-өскөн жерине кайта баштады. Имаратыбыздын ичи кызматкерлерге толуп, бака-шака үн кайрадан жаңырды. Ар бир тейлөөбүз өзүнчө өркүндөп-өнүгүп, кардарларыбыз пайда болду. Учурда тигүү цехинде кызга сеп камдайбыз, жууркан-төшөк, парда, кийимдер тигилет. Көбүнчө тапшырык менен иш алып барабыз. Ошол эле убакта даяр продукцияларыбызды сатууга атайын дүкөн ачып койгонбуз.

– Ишкерчилик көбүнчө кредит аркылуу жанданат эмеспи, сиз дагы кредит алдыңыз беле?

– Негизи мен кредиттен айланып өтүүгө аракеттенем. Бирок кээде банкка кайрылган учурум болот. Ушул ишти баштагандан бери үч жолу насыя алдым, бирок төлөй алгыдай болуп аз суммада. Жүз миң сом насыя алып дүкөн ачтым. Насыяны бир жарым жылда жаап, дагы алдым да, ага дагы дүкөн ачтым. Ошону менен азыр бизде эки дүкөн иштейт, бири чарбачылык, экинчисинде  тикмечиликке керектүү буюм-тайымдар сатылат. Жууркан-төшөктөрдү да ошол дүкөнгө чыгарабыз.

– Жумушчулар кетип, имарат бош калгандан башка дагы кандай кыйынчылыктар болду? 

– Албетте, ар бир иштин оор, жеңили бар. Кээде аябай капа болуп ыйлаган да учурум болду. Жумуш жүрбөй калса эмне кылам деп ойлончумун. Анткени имараттын акыбалы абдан начар эле. 1969-жылы салынгандыктан биз алган маалда тигил жагы деле ураган, бул жагы деле ураган. Аларды жамап-жаскоого көп күч, көп каражат керектелмек. Жумушчуларым да эки-үчөө калган, кантип оңдойм, иштетип кете аламбы дедим. Анан бычмачылыкты үйрөнүп алдым, аздан акча түшө баштады. “Кумтөрдөн” тапшырык болуп, келишим түзүлүп миңдеген баштыктарды тиктик. Ал үчүн акча которушту. Ошол менин алгачкы ири капиталым болду. Ошол тапшырык менен көтөрүлдүк. Бир аз акча түшө баштагандан кийин эле жыл сайын каражат чогултуп, имараттын бир жерин оңдоого өттүм. 2017-жылдан тартып долбоор жазууну үйрөндүм. Мен тренингге көп барам, адам өзүн өнүктүрүп турушу керек. Заман мүнөт сайын жаңыланып турган маалда кантип эски түшүнүк менен жашайсың. Ошол тренингдерден долбоор жазууну үйрөндүм да, буйруса акырындык менен анын да үзүрүн көрүп жатам.  Бир нече жыл мурда кымбат баага пахта, жүн тыткан жабдык алдым. Бул биздин ишти абдан жеңилдетти.       

– Канча жумушчуну иш менен камсыз кылып жатасыз?

– 10дон ашуун кыз-келиндер иштейт. Аларга убагында айлык акы төлөйбүз, салыкты бир күн кечиктирбей төгөбүз. Салык төлөө – жарандык парзыбыз да. Ар бир нерсени убагында, кечиктирбей жасоону жакшы көрөм. Кудайга шүгүр, туруктуу кардарларыбыз бар.

– Ишин жаңы баштаган ишкерлерге кандай кеңеш бересиз?

– Эч убакта эмгектен качпоо керек. Тынымсыз изденүү коштосун. Колумдан келбейт, бул иш болбой калды деген сөздү унутуп койгон жакшы. Колуңдан келбедиби, келгиче ошол иштин үстүндө иште. Мен ушундай кылам. Өзүңө өзүң ишен, ошондо башкалар да сага ишенишет.